Загрузка документа…
ЖОГОРКУ КЕНЕШ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ
2013-жылдын 12- июну № 3197-V
Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын иши боюнча Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин жылдык отчету жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши "Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын иши боюнча Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин жылдык отчету жөнүндө" маселени карап, төмөндөгүлөрдү белгилейт:
"Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясын (мындан ары - Кыргыз Республикасынын КТРКсы) башкаруунун жогорку органы болуп Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу Кеңеши (мындан ары - Кыргыз Республикасынын КТРКсынын Байкоочу Кеңеши) саналат. Кеңеш коллегиялдуу орган болуп эсептелет, ал Жогорку Кеңештен, Президенттен жана жарандык коомдон бирдей пропорциядагы 15 мүчөдөн турат.
Азыркы мезгилде Коомдук кеңештин 13 мүчөсү иштейт, Кыргыз Республикасынын Президентинен сунушталган 2 мүчөсү мамлекеттик кызматка өткөндүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын КТРКсынын Байкоочу кеңешинин курамындагы өз ыйгарым укуктарын тапшырып беришкен.
"Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын18-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын КТРКсынын Байкоочу Кеңеши жыл сайын Жогорку Кеңешке КТРКнын иши боюнча жылдык отчет берет (отчет тиркелет).
2012-жылы Кыргыз Республикасынын КТРКсынын Байкоочу кеңеши тарабынан айрым иштер аткарылган, Кыргыз Республикасынын КТРКсынын редакциялык саясатына, анын уставына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген. КТРКнын Байкоочу кеңешинин демилгеси боюнча 2013-2015-жылдарга Кыргыз Республикасынын КТРКсын өнүктүрүү стратегиясы иштелип чыккан жана бекитилген. Кыргыз Республикасынын КТРКсын өнүктүрүү стратегиясында корпорацияны коомдук берүүлөрдүн принциптерине ылайык өнүктүрүү артыкчылыктары аныкталган, санариптик берүүлөргө өтүү, контентти жакшыртуу, каржылоо булактарын диверцификациялоо, кадрлар тутумун өнүктүрүү, техникалык модернизациялоо милдеттери жана башкалар каралган. Стратегияга карата алдыга коюлган милдеттерди ишке ашыруунун тартиби жана анын мөөнөттөрү кеңири баяндалган иш-аракеттердин планы иштелип чыккан.
Өлкөнүн медиарыногунда өтө масштабдуу жана кыйла популярдуу канал катары позицияларды бекемдөө КТРКнын башкы максаттарынын бири болуп саналат. 2012-жылдагы медияларды иликтеп билүүнүн натыйжасында КТРК өлкө боюнча өтө жогору рейтингдүү канал болуп таанылган ал эми маалымат программалары өтө көп көрүлө турган программа болуп эсептелген.
Бишкек шаары жана Чүй областты боюнча кабелдүү түйүндөрдө, Баткен жана Ош областтарында санариптик агым боюнча "КТРК-Музыка" экинчи каналы ишке киргизилди, Ал эми 2013-жылдын 12-мартынан тартып "Музыка" каналынын берүүлөрүн Ош шаарынын жана ага жакын жайгашкан райондордун жашоочулары "Ынтымак" ТРКсынын толкундарында аналогдук сигналдар боюнча көрө башташты.
2012-жылдын соңунда (www.ktrk.kg) веб-сайтынын жаңыртылган варианты үчүн киргизилди. Жаңы сайт толугу менен мультимедиалык стандарттар боюнча иштелип чыккан. Эми КТРКнын теле жана радио жаңылыктары жана берүүлөрү түз эфирдеги он-лайн берүү сыяктуу эле, дайыма жаңыртылып тура турган архив аркылуу дагы жеткиликтүү. Сайт ошондой эле Кыргызстан сыяктуу эле, чет өлкөлөрдө дагы уюлдук телефондор, смартфондор жана планшетниктер аркылуу көрүү мүмкүнчүлүгү менен ТК жана радио уктуруу үчүн адаптацияланган. Бул учурда чет өлкөлөрдө жүрүшкөн мекендештерибиздин суроо талаптары эске алынган.
2012-жылдын декабрында "Алтын фонддогу" материалдардын негизинде "Залкарлар күүлөрү" аттуу комузчулардын күүлөрүнүн жыйнагы болгон аудиодисктер биринчи жолу чыгарылды. Диск каржылоонун кошумча булактарын көбөйтүү максатында сатуу үчүн чыгарылды. Комплект тийиштүү товардык түрдө даярдалган, 8 дисктен (160 чыгарма) жана саны 2000 даана антологиялык брошюрадан турат. Толук көлөмдө аткарылган.
Чыгашаларды кыскартып, рентабелдүүлүктү жогорулатуу максатында CD жана DVD дисктерди чыгаруу үчүн атайын жабдуу сатылып алынды. Өз каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылды.
Япон эл аралык кызматташуу агенттиги (JICA) менен кызматташуу аркасында Япониядан япон элинин колдоо багыттары боюнча кайтарымсыз негизде 800 миң АКШ долларлык техника алып келүү боюнча макулдашууга кол коюлду.
Түрк коомдук телерадиокомпаниясы (ТRТ) менен контент алмашууда жана TRTнын базасында жылына КТРКнын 12ден кем эмес кызматкерин бир айлык стажировкадан өткөрүүгө жана окутууга келишим түзүлдү.
Түрк эл аралык кызматташуу агенттиги менен макулдашууларга ылайык (ТICA) 50 миң АКШ долларына техникалык жабдуулар алынып келинди.
Бирок ушуну менен катар Байкоочу кеңештин жылдык отчетунда КТРКнын ишинде бир катар кемчиликтер орун алгандыгы да белгиленген. "Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесинде Кыргыз Республикасынын КТРКсынын Байкоочу кеңеши Корпорациянын кызмат адамдарынын отчетторун угат деп көрсөтүлгөн. Кыргыз Республикасынын КТРКсынын Байкоочу кеңеши өз ыйгарым укуктарынын алкагында Кыргыз Республикасынын КТРКсын өнүктүрүү стратегиясын өз мезгилинде бербегендиги үчүн Кыргыз Республикасынын КТРКсынын Башкы директоруна катуу эскертүү жарыялаган. Башкы директорго коомдук-маанилүү маалыматтарды бурмалоого бир нече жолу жол бергендигине, маалыматтарды берүүнүн объективдүүлүгүн жана ар тараптуулугун жетиштүү камсыздабагандыгына, коомдук телерадиоберүү тарабынан жаңылыктарды жана маалыматтык-аналитикалык программаларды көрсөтүү учурунда коомдук телекөрсөтүүнү жетиштүү сакталбагандыгына байланыштуу сөгүш жарыялаган.
2013-жылдын мартында Кыргыз Республикасынын КТРКсынын Байкоочу кеңеши 2012-жыл үчүн Кыргыз Республикасынын КТРКсынын Башкы директорунун жылдык отчетун караган. Берүүлөрдүн сеткасынын жоктугу, "Ала-Тоо" маалыматтык редакциясынын ишиндеги кемчиликтер, "Ибарат" редакциясынын программаларынын сапатсыз берилиши, өндүрүш циклин начар уюштургандыгы үчүн жылдык отчёт канааттандыраарлык эмес деп табылган.
Коомдук пикирди иликтөө максатында Кыргыз Республикасынын КТРКсынын Байкоочу кеңешинин мүчөлөрүнүн катышуусу менен өлкөнүн региондорунда жана Бишкек шаарында коомчулук менен бир катар жолугушуулар өткөрүлгөн. Изилдөөлөрдүн мындай түрү аудиториянын суроо-талаптарын тереңирээк иликтөөгө, коомдун ар кандай катмарларынын муктаждыктарын билүүгө, телерадиоберүүлөрдүн сапатын жана деңгээлин жакшыртууга жана контентти өркүндөтүү боюнча сунуштарды угууга жардам берди.
Жолугушуулардын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын КТРКсынын дарегине бир катар сын-пикирлер: региондордун турмушу жана көйгөйлөрү жетишсиз жана оперативдүү эмес чагылдырылып жаткандыгы; таанып-билүү жана билим берүү мүнөзүндөгү телерадиоберүүлөрдүн өтө эле аздыгы; туруктуу спорттук берүүлөрдүн жоктугу; социалдык - багытталган берүүлөрдүн жок экендиги, социалдык көйгөйлөр жетишсиз чагылдырылып жаткандыгы; ал эми аналитикалык программалар дайыма эле кеңири берилбей, жоопсуз калтырылып, белгиленген маселелерге жана көйгөйлөргө кайра кайрылуу болбой, телерадио материалдарынын жыйынтыктары изилдөөгө алынбай жаткандыгы айтылган.
КТРКны каржылоо көйгөйлүү маселелер боюнча калууда. Республикалык бюджеттин киреше бөлүгүнүн көбөйгөндүгүнө карабастан Кыргыз Республикасынын КТРКсын бюджеттөө үлүшү жыл сайын азайып бара жатат.
2013-жылдын бюджетин түзүүдө 2015-жылы санариптик берүүгө өтүүгө байланыштуу Кыргыз Республикасынын КТРКсын техникалык жактан өнүктүрүүгө багытталган каражаттар киргизилген эмес. Бирок, республикалык бюджеттен сурап жаткан каражаттардын көпчүлүк бөлүгү көңүлгө алынбай калган.
2015-жылы Кыргызстан башка 119 дүйнө өлкөлөрү менен бирдикте санариптик берүүлөргө толук өтөт. Бул КТРКны бүтүндөй техникалык жактан кайра жабдууну талап кылат. Өздүк маалыматтын таасиринен ажырап калбоо үчүн бүгүнкү күндөн тартып тиешелүү техникалык жабдууларды сатып алууга жетиштүү каражаттарды бөлүү зарыл.
Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын КТРКсынын берүүлөрүндөгү дээрлик бардык жыштыктарга ээлик кылуу "Кыргызтелеком" ААКсынын РМТР РПОсунун бөлүкчөлөрүнө бекитилип берилген. Иштин мындай абалы Кыргыз Республикасынын КТРКсынын өнүгүшүнө да жолтоо болууда.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын иши боюнча Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин жылдык отчету эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңеши:
- 2013-2015-жылдарга Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясын өнүктүрүү стратегиясын жүзөгө ашыруу боюнча чараларын туруктуу контролго алсын;
- коомдук телерадиоберүүнүн принциптерин-объективдүүлүктү, айкындуулукту, адилеттүүлүктү, редакциялык көз карандысыздыкты жана пикирлердин ар түрдүүлүгүн сактоо боюнча таасирдүү чараларды көрсүн;
- жакынкы мезгилде Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору К.Оторбаевдин ээлеген кызмат ордуна ылайыктуулугу жөнүндө маселени карасын жана чечим кабыл алсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү санариптик берүүгө өтүүгө байланыштуу тиешелүү техникалык жабдууларды сатып алууга республикалык бюджеттен жетиштүү каражат бөлсүн.
4. Ушул Токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетине (К. Осмоналиев) жүктөлсүн.
Заместитель Торага
| Т.Зулпукаров |