Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 27-июну № 3320-V
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым комитеттеринин төрагаларынын орун басарларын шайлоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 26-беренесине ылайык, жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча төмөндөгү депутаттар:
Олег Леонидович Домшенко - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин төрагасынын орун басарлыгына;
Нурбек Каарыевич Алимбеков - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасынын орун басарлыгына шайлансын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын тиешелүү түзүмдүк бөлүмү 2012-жылдын 19-январындагы № 1529-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө", 2012-жылдын 22-февралындагы № 1664-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин төрагаларынын орун басарларын шайлоо жөнүндө" жана 2012-жылдын 25-апрелиндеги № 1874-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым комитеттеринин төрагаларынын орун басарларын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомдорун ушул токтомго ылайык келтирсин.
Төрага | А. Жээнбеков
|