Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 27-июну № 3418-V
2011-жылдын 17-июнундагы № 710-C-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин мамлекеттик кызматчыларынын жана башка категориядагы кызматкерлеринин эмгегине акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
"Арген" № 172 Ясли-бакчасы" деп аталган мектепке чейинки мекеме Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынын балансынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Иш башкармалыгынын балансына өткөрүлүп берилгенине байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 15-февралындагы № 43, 2012-жылдын 24-сентябрындагы ПЖ № 205 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгын кайра уюштуруу жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына жана аны менен бирге "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын штаттык санынын чеги жөнүндө жана эмгегине акы төлөөнүн шарттары тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2011-жылдын 17-июнундагы № 710-C-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин мамлекеттик кызматчыларынын жана башка категориядагы кызматкерлеринин эмгегине акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пункт төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:
"- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Иш башкармалыгынын "Арген" № 172 Ясли-бакчасынын кызматкерлерине № 7 жана 7-1-тиркемелерге ылайык.";
- 2-пунктта:
Алтынчы, сегизинчи жана тогузунчу абзацтар ", "Арген" № 172 Ясли-бакчасынын кызматкерлерин кошпогондо" деген сөздөр менен толукталсын;
төмөнкүдөй мазмундагы онунчу абзац менен толукталсын:
"- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Иш башкармалыгынын "Арген" № 172 Ясли-бакчасынын кызматкерлеринин чыгармачылык жана кесипкөй демилге көрсөткөндүгү үчүн кызматтык маянанын 50 пайызына чейинки өлчөмүндө.";
- 3-пунктта:
Экинчи абзацтагы "мамлекеттик кызматчыларына" деген сөздөрдөн кийин "жана башка категориядагы кызматкерлерине" деген сөздөр менен толукталсын.";
үчүнчү абзацтагы "жана ага ведомстволук караштуулуктагы уюмдардын жетекчилерине" деген сөздөрдөн кийин ", "Арген" № 172 Ясли-бакчасынын кызматкерлерин кошпогондо," деген сөздөр менен толукталсын.";
төртүнчү абзацтагы "уюмдардын жетекчилерине" деген сөздөрдөн кийин ", "Арген" № 172 Ясли-бакчасынын кызматкерлерин кошпогондо," деген сөздөр менен толукталсын.";
төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
"- ар бир кызматкердин ишине баа берүүнүн негизинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Иш башкармалыгынын "Арген" № 172 Ясли-бакчасынын жетекчиси кызматкерлердин чыгармачылык жана кесипкөй демилге көрсөткөндүгү үчүн кызматтык маянанын 50 пайызына чейинки өлчөмүндө үстөк белгилесин.";
5-пункттагы "жана башка категориядагы кызматкерлерине" деген сөздөрдөн кийин ", "Арген" № 172 Ясли-бакчасынын кызматкерлерин кошпогондо," деген сөздөр менен толукталсын.".
- төмөнкүдөй мазмундагы № 7 жана 7-1-тиркемелер менен толукталсын:
2. Төмөндөгүлөр белгиленсин:
- № 7-тиркеме 2012-жылдын 1-декабрынан тартып колдонулат;
- № 7-1-тиркеме 2014-жылдын 1-январынан тартып колдонулат;
- ушул токтомдун 1-пунктунун он бешинчи абзацы 2012-жылдын 31-декабрына чейин колдонулат.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Иш башкармалыгына жүктөлсүн.
Төрага | А.Жээнбеков |
| 2011-жылдын 17-июнундагы № 710-C-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин мамлекеттик кызматчыларынын жана башка категориядагы кызматкерлеринин эмгегине акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу токтомго № 7 тиркеме
|
┌───────────────────────────────────────────────────────┬─────────────┐
│ Кызматтардын аталышы │ Кызматтык │
│ │ маяналар │
├───────────────────────────────────────────────────────┼─────────────┤
│Директор │ 4050 │
├───────────────────────────────────────────────────────┼─────────────┤
│Методист, бухгалтер │ 3600 │
├───────────────────────────────────────────────────────┼─────────────┤
│Музыкалык кызматкер, дене тарбия боюнча тарбиячы, │ 3000 │
│эне-тил жана чет тилдер тарбиячы, XII разряддагы │ │
│тарбиячы │ │
├───────────────────────────────────────────────────────┼─────────────┤
│Психолог-тарбиячы, XI разряддагы тарбиячы │ 2700 │
├───────────────────────────────────────────────────────┼─────────────┤
│X разряддагы тарбиячы │ 2400 │
├───────────────────────────────────────────────────────┼─────────────┤
│IX разряддагы тарбиячы │ 2250 │
├───────────────────────────────────────────────────────┼─────────────┤
│Башкы мээрман │ 2220 │
├───────────────────────────────────────────────────────┼─────────────┤
│VIII разряддагы тарбиячы │ 2100 │
├───────────────────────────────────────────────────────┼─────────────┤
│Чарба башчысы, мээрман, VII разряддагы ашпозчу, │ 1800 │
│VII разряддагы тарбиячы │ │
├───────────────────────────────────────────────────────┼─────────────┤
│Айдоочу, электрик-сантехник, элеваторду тейлөө боюнча │ 1770 │
│жумушчу, кампачы, жыгач уста │ │
├───────────────────────────────────────────────────────┼─────────────┤
│Кастелянша, техникалык оңдоолор боюнча жумушчу, │ 1725 │
│шейшептерди жуу боюнча машинист, VI разряддагы │ │
│тарбиячы, VI разряддагы ашпозчу, иш жүргүзүүчү-катчы, │ │
│кассир, V разряддагы тарбиячынын жардамчысы, │ │
│V разряддагы ашпозчу, кароолчу, IV разряддагы │ │
│тарбиячынын жардамчысы, няня, IV разряддагы ашпозчу, │ │
│короо шыпыруучу, үй тазалоочу │ │
└───────────────────────────────────────────────────────┴─────────────┘
| 2011-жылдын 17-июнундагы № 710-C-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин мамлекеттик кызматчыларынын жана башка категориядагы кызматкерлеринин эмгегине акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу токтомго № 7-1-тиркеме
|
┌───────────────────────────────────────────────────────┬─────────────┐
│ Кызматтардын аталышы │ Кызматтык │
│ │ маяналар │
├───────────────────────────────────────────────────────┼─────────────┤
│Директор │ 6885 │
├───────────────────────────────────────────────────────┼─────────────┤
│Методист, бухгалтер │ 6120 │
├───────────────────────────────────────────────────────┼─────────────┤
│Музыкалык кызматкер, дене тарбия боюнча тарбиячы, │ 5100 │
│эне-тил жана чет тилдер тарбиячы, XII разряддагы │ │
│тарбиячы │ │
├───────────────────────────────────────────────────────┼─────────────┤
│Психолог-тарбиячы, XI разряддагы тарбиячы │ 4590 │
├───────────────────────────────────────────────────────┼─────────────┤
│X разряддагы тарбиячы │ 4400 │
├───────────────────────────────────────────────────────┼─────────────┤
│IX разряддагы тарбиячы │ 4250 │
├───────────────────────────────────────────────────────┼─────────────┤
│Башкы мээрман │ 3774 │
├───────────────────────────────────────────────────────┼─────────────┤
│VIII разряддагы тарбиячы │ 3600 │
├───────────────────────────────────────────────────────┼─────────────┤
│Чарба башчысы, мээрман, VII разряддагы ашпозчу, │ 3060 │
│VII разряддагы тарбиячы │ │
├───────────────────────────────────────────────────────┼─────────────┤
│Айдоочу, электрик-сантехник, элеваторду тейлөө боюнча │ 3009 │
│жумушчу, кампачы, жыгач уста │ │
├───────────────────────────────────────────────────────┼─────────────┤
│Кастелянша, техникалык оңдоолор боюнча жумушчу, │ 2933 │
│шейшептерди жуу боюнча машинист, VI разряддагы │ │
│тарбиячы, VI разряддагы ашпозчу, иш жүргүзүүчү-катчы, │ │
│кассир, V разряддагы тарбиячынын жардамчысы, │ │
│V разряддагы ашпозчу, кароолчу, IV разряддагы │ │
│тарбиячынын жардамчысы, няня, IV разряддагы ашпозчу, │ │
│короо шыпыруучу, үй тазалоочу │ │
└───────────────────────────────────────────────────────┴─────────────┘
Төрага | А. Жээнбеков
|