КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 27-июну № 3419-V
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Турсунбек Акунду мөөнөтүнөн мурда ээлеген кызматынан бошотуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесинин 4-бөлүгүнүн 6-пунктун, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 125-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктун, "Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 5-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Турсунбек Акунду мөөнөтүнөн мурда ээлеген кызматынан бошотуу тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин атайын комиссиясынын сунуштамасына макулдук берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Турсунбек Акун антты бузгандыгы үчүн ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулсун.
3. Ушул токтом кабыл алган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрагасы | А. Жээнбеков
|