Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 27-июну № 3417-V
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын, Аппаратынын жана Иш башкармалыгынын кызматкерлерин көп батирлүү турак үйлөрүн курууга жер участогу менен камсыз кылуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин көптөгөн депутаттарынын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде иштеген Аппаратынын жана Иш башкармалыгынын кызматкерлеринин турак жай үйлөрү жок жана турак жай шарттарын жакшырта алышпайт. Келип чыккан мындай көйгөй көп батирлүү турак үйлөрүн курууга жер участогун бөлүү менен гана чечилиши мүмкүн.
Социалдык кепилдиктер жана турак жайга укуктарды ишке ашыруу шарттары каралган Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 46-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Аппаратынын жана Иш башкармалыгынын кызматкерлери үчүн көп батирлүү турак үйлөрүн курууга тез арада жер участогун издеп табуу Бишкек шаарынын мэриясынан (И.Ш.Өмүркулов) суралсын.
2. Бишкек шаарынын мэриясы ушул токтомдун аткарылышы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине маалымат берсин.
Төрага | А. Жээнбеков
|