Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 27-июну № 3413-V
"Ош шаарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Ө.Ч.Текебаев, Ч.А.Турсунбеков, Э.Ж.Алымбеков, А.Т.Алтыбаева, К.Осмоналиев, М.А.Султанов, Б.С.Кадыров, К.С.Дыйканбаев, Т.У.Шайназаров, Р.К.Акназарова, К.С.Бокоев, Ж.Р.Сапарбаев, Б.Калмаматов жана А.Ш.Султанов тарабынан демилгеленген "Ош шаарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.
2. Ош шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын каржылык колдоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү кийинки жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин долбоорун түзүүдө сатыктан алынуучу салык жана киреше салыгы сыяктуу жалпы мамлекеттик салыктардан чегерүүлөрдүн нормативдерин көбөйтүү жолу менен шаардын жергиликтүү бюджетин көбөйтүү маселесин карасын.
Төрага | А. Жээнбеков
|