Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 12-ноябрындагы № 26-VI токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2013-жылдын 27-июну № 3315-V

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Билим, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин төрагасынын орун басарынын кызматына депутат Р.К.Акназарованы шайлоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 26-беренесине ылайык, жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча депутат Роза Корчубековна Акназарова Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Билим, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин төрагасынын орун басары болуп шайлансын.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын тиешелүү түзүмдүк бөлүмү 2012-жылдын 19-январындагы № 1529-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө", 2012-жылдын 22-февралындагы № 1664-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин төрагаларынын орун басарларын шайлоо жөнүндө" жана 2012-жылдын 25-апрелиндеги № 1874-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым комитеттеринин төрагаларынын орун басарларын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомдорун ушул токтомго ылайык келтирсин.

 

Төрага

А. Жээнбеков