Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 20-июну № 3312-V
2012-жыл үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы З.М.Асанкожоеванын отчету тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2012-жыл үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы З.М.Асанкожоеванын отчету канааттандырарлык деп табылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Улуттук банкы:
1) иш-аракеттердин координациялангандыгын камсыз кылсын жана инфляцияны төмөндөтүү боюнча жана экономикалык өсүшкө дем-күч берүү боюнча иштеги жоопкерчилик чөйрөсүн так аныктасын;
2) Кыргыз Республикасынын Банк кодексин иштеп чыгууну жана Жогорку Кеңешке кароого киргизүүнү тездетсин.
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы:
1) баалардын жалпы деңгээлинин туруктуулугун камсыз кылуу үчүн бекем акча-кредит саясатын жүргүзсүн;
2) өлкөнүн экономикасынын болжолдонгон макроэкономикалык көрсөткүчтөрүнө жетүү максатында акча-кредит саясатын башкаруунун сапатын жогорулатсын;
3) финансы рынокторунда банк аралык эсеп-кысап системасын соода системалары менен интеграциялоо механизмин иштеп чыксын;
4) жаңы банктык, анын ичинде инновациялык технологияларга негизделген продуктыларды ишке киргизүүдө тобокелдиктерге баа берүү жана контролдоо механизмин иштеп чыксын;
5) банктардын ишинин ачык-айкындуулугун жогорулатуу, операциялык чыгымдарды төмөндөтүү жана банктардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында банк ишине көзөмөлдүк кылууну күчөтсүн;
6) финансы-кредиттик мекемелердин ишин андан ары өркүндөтүүнүн жолдорун белгилесин;
7) кирешелүүлүктү жогорулатуу жана алтын валюта резервдерин андан ары көбөйтүү максатында аларды кыйла таанылган эл аралык финансы институтунда жана коммерциялык банкында инвестициялоо менен эл аралык резервдерди кыйла сарамжалдуу жана натыйжалуу жайгаштыруу боюнча чараларды кабыл алсын;
8) 2010-жылдагы июнь окуяларынын кесепетинен жабыр тартышкан зайымчылар менен коммерциялык банктардын, банктык эмес финансы-кредиттик мекемелердин ортосундагы маселелерди жөнгө салуу боюнча ишти аяктасын;
9) финансы-кредиттик мекемелердин жана банктык эмес финансы-кредиттик мекемелердин иштерин жөнгө салуу боюнча өзүнүн иш-милдеттерин жүзөгө ашырууда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын кыйшаюусуз сактасын;
10) чет өлкөлүк банктардын филиалдарын ачуу, жаңы банктарды ачуу түрүндө Кыргыз Республикасынын банк секторуна инвестицияларды тартуу боюнча ишти активдештирсин;
11) банк системасын өркүндөтүү жана дүйнөлүк финансы аянтчаларына чыгуу максатында Башкармалыктын сапаттык курамы боюнча сунуштарын берсин;
12) Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкын бюджеттөөнүн негизги принциптерин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин бекитүүсүнө киргизсин.
Төрага | А. Жээнбеков
|