Редакцияот 20.06.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2013-жылдын 20-июну № 3309-V

"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" (Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө", "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жогорку Кеңештин депутаттары К.К.Иманалиев жана Н.Н.Төрөбеков тарабынан демилгеленген "Айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" ("Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө", "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.

2. Мыйзам чыгаруу демилгесинин субъекттери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетине жана бир эле убакта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын эксперттик кызматына жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзам долбооруна карата өз сунуштарын жана түзөтүүлөрүн алардын негиздемеси менен жазуу жүзүндө 5 жумушчу күндүн ичинде жиберсин.

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитети (К.Осмоналиев) жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбоорун келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу мененёжеткире иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.

 

Төрага орун басары

Т.Зулпукаров