Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 5-сентябры № 3425-V
Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген "Борбордун статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 63-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2013-жылдын 27-июнунда кабыл алынган жана Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген "Борбордун статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн төмөнкү курамдагы макулдашуу тобу түзүлсүн:
1) Алымбеков Э.Ж. - Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитеттин төрагасы;
2) Бекматов А.Г. - Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитеттин төрагасынын орун басары;
3) Кутушев А.О. - Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитеттин төраганын орун басары;
4) Кочкаров Э.А. - Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетинин мүчөсү;
5) Турсунбеков Ч.А. - Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетинин мүчөсү;
6) Текебаев Ө.Ч. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири;
7) Молдалиев О.А. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлү;
8) Карашев А.А. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын директору;
9) Шерипов Н.Т. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн туруктуу өкүлүнүн орун басары.
2. Макулдашуу тобу 30 календардык күндөн кеч эмес жогоруда аталган мыйзамдын макулдашылган вариантын жана ага түзөтүүлөрдүн таблицасын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин.
Төрага | А. Жээнбеков |