КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 27-июну № 3391-V
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" ("Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан контролдук иш-милдеттерди жүзөгө ашыруунун тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары К.Абдиев жана Т.Т.Туманов тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" ("Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан контролдук иш-милдеттерди жүзөгө ашыруунун тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жогорку Кеңештин Регламенти жана депутаттык этика боюнча комитети (А.Т.Алтыбаева) жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбоорун кабыл алынган жазуу жүзүндөгү түзөтүүлөрдү эске алуу менен үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Төрага | А. Жээнбеков
|