ТоктомКүчүндө

КР Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 27-июнундагы № 3356-V «2013-жылдын 20-майында кол коюлган,»Айылдык инвестициялардын экинчи долбоору үчүн экинчи кошумча каржылоо боюнча Кыргыз Республикасы менен Эл аралык Өнүктүрүү Ассоциациясынын ортосундагы Макулдашууну ратификациялоо жөнүндө«Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу» токтому

Редакция27.06.2013 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2013-жылдын 27-июну № 3356-V

"2013-жылдын 20-майында кол коюлган, "Айылдык инвестициялардын экинчи долбоору үчүн экинчи кошумча каржылоо боюнча Кыргыз Республикасы менен Эл аралык Өнүктүрүү Ассоциациясынын ортосундагы Макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2013-жылдын 14-июнундагы № 352 токтому) "2013-жылдын 20-майында кол коюлган, Айылдык инвестициялардын экинчи долбоору үчүн экинчи кошумча каржылоо боюнча Кыргыз Республикасы менен Эл аралык Өнүктүрүү Ассоциациясынын ортосундагы Макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.

 

Төрага

А. Жээнбеков