Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 12 сентябры № 3444-V
«Администрациялык иштин негиздери жана администрациялык жол-жоболор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Г.А. Скрипкина, Д.Ө. Тербишалиев, Э.Ж. Алымбеков, Ө.Ч. Текебаев, М.Ю. Абдылдаев, жана Б.И. Сулейманов, тарабынан демилгеленген «Администрациялык иштин негиздери жана администрациялык жол-жоболор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алынсын.
2. Мыйзам чыгаруу демилгесинин субъекттери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетине жана бир эле убакта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын эксперттик кызматына жогоруда көрсөтүлгөн конституциялык Мыйзамдын долбооруна карата өз сунуштарын жана түзөтүүлөрүн алардын негиздемеси менен жиберсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитети (Э.Ж. Алымбеков) жогоруда көрсөтүлгөн конституциялык Мыйзамдын долбооруна келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жеткире иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Төрага | А. Жээнбеков |