Загрузка документа…
КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 20-февралындагы № 3843-V токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 11-сентябры № 3434-V
Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген, "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" (Кыргыз Республикасынын администрациялык жоопкерчилик жөнүндө" кодексине, "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу боюнча макулдашуу тобу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2013-жылдын 25-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган жана Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген. "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" (Кыргыз Республикасынын администрациялык жоопкерчилик жөнүндө" кодексине, "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу боюнча макулдашуу тобу түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитети макулдашуу тобунун жеке курамын аныктасын жана Жогорку Кеңештин кароосуна киргизсин.
|
|
|
|
|
Төрага | А. Жээнбеков
|
|
|