Загрузка документа…
КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 23-апрелиндеги № 3987-V токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 3-октябры № 3502-V
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 19-январындагы № 1529-V токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 19-январындагы № 1529-V токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1) төмөндөгүлөр:
"Ата Мекен" депутаттык фракциясынан Текебаев Өмүрбек Чиркешович Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитеттин курамынан;
"Республика" депутаттык фракциясынан Сулайманов Алтынбек Турдубаевич Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин курамынан чыгарылсын.
2) төмөндөгүлөр:
"Ата Мекен" депутаттык фракциясынан Текебаев Өмүрбек Чиркешович Социалдык саясат боюнча комитеттин курамына;
"Республика" депутаттык фракциясынан Сулайманов Алтынбек Турдубаевич Социалдык саясат боюнча комитеттин курамына;
"Республика" депутаттык фракциясынан Арипов Назарали Турдалиевич Коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин курамына;
"Ата-Журт" депутаттык фракциясынан Кадырбекова Майрамкан Мамытовна Эл аралык иштер боюнча комитеттин курамына;
"Ата-Журт" депутаттык фракциясынан Мурзабеков Кантемир Зулумбекович Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитеттин курамына;
"Ата-Журт" депутаттык фракциясынан Шаршеев Бакыт Октябрович Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитеттин курамына киргизилсин.
2. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
| А. Жээнбеков |