Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013 жылдын 18 сентябры № 3448-V
Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларыиа өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" ("Кыргыз Республикасынын Эсептөе палатасы жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 63-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2013-жылдын 27-июнунда кабыл алынган жана Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" ("Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн төмөнкүдөй курамдагы макулдашуу тобу түзүлсүн:
1). А.К.Келдибеков - Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасы;
2). З.СЖоошбеков - Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасынын орун басары;
3). М.И.Бакиров - Жогорку Кеңештин депутаты, мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири;
4). А.Ш.Султанов - Жогорку Кеңештин депутаты, мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири;
5). К.К.Иманалиев - Жогорку Кеңештин депутаты, мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири;
6). А.Т.Алтыбаева - Жогорку Кеңештин Регламенти жана депутаттык этика боюнча комитеттин торагасы;
7) Молдалиев О.А. - полномочный представитель Президента Кыргызской Республики в Жогорку Кеңеше Кыргызской Республики.
2. Макулдашуу тобу 30 календардык күндөн кечиктирбестен жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын макулдашылган вариантын жана ага түзөтүүлөрдүн таблицасын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин.
Төрага | А. Жээнбеков |