Редакцияот 18.09.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2013 жылдын 18 сентябры № 3449-V

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 13-нюнундагы "Кыргыз Республикасынын Баткен областында административдик-аймактык реформаны жүргүзүү үчүн жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мамлекеттик чек ара аймактарында коопсуздукту камсыздоо аракеттеринин абалын текшерүү жана иликтөө үчүн убактылуу депутаттык комиссия түзүү жөнүндө" № 3206-V токтому менен түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиянын ишинин мөөнөтүн узартуу тууралуу

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 13-июнундагы "Кыргыз Республикасынын Баткен областында административдик-аймактык реформаны жүргүзүү үчүн жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мамлекеттик чек ара аймактарында коопсуздукту камсыздоо аракеттеринин абалын текшерүү жана иликтөө үчүн убактылуу депутаттык комиссия түзүү жөнүндө" № 3206-V токтому менен түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиянын ишинин мөөнөтү 2013-жылдын 15-октябрына чейин узартылсын.

2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Коргоо жана коопсуздук боюнча комитетине (А. Баатырбеков) жүктөлсүн.

 

Төрага

А. Жээнбеков