Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 3 октябры № 3503-V
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым комитеттеринин төрагаларынын орун басарларын шайлоо жөнүндө
1.«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 26-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча депутаттар: Аманбаева У.А. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басарлыгына;
Досалиев АА. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасынын орун басарлыгына;
Маматалиев A.M. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасынын орун басарлыгына шайланышсын.
«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин терагаларынын орун басарларын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 22-февралындагы № 1664-V токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1 пунктта:
он сегизинчи абзац күчүн жоготту деп табылсын;
жыйырманчы абзацта «Экономика тармактарын өнүктүрүү боюнча» деген сөздөр «Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
төмөндөгү мазмундагы жыйырма биринчи абзац менен толукталсын:
«Маматалиев A.M. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасынын орун басарлыгына»;
отуз биринчи абзацта «Н.Т. Арипов» деген сөздөр «У.А. Аманбаева» деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | А. Жээнбеков |