Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 19-январындагы № 1529- V Токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2011-жылдын 31-марты № 276-V

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарына депутаттарды киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Төмөнкү депутаттар:

Бахадыр Искакович Сулейманов - Эл аралык иштер жана парламенттер аралык кызматташуу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетинин курамына;

Абдимуталип Калдарбаевич Кочкорбаев - Жер-агрардык маселелер, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетинин курамына;

Улукбек Тойчубаевич Кочкоров - Фискалдык жана акча-кредиттик саясат боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетинин курамына;

Жыргалбек Алимбаевич Саматов - Сот-укук маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетинин курамына киргизилсин.

 

Төрага

А. Келдибеков