Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 19-январындагы № 1529- V Токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 4-ноябры № 1293-V
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым комитеттеринин курамдарын өзгөртүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр:
депутат Урмат Абдилашимовна Аманбаева Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетинин курамынан;
депутат Роман Шин Жогорку Кеңештин регламенти жана мамлекеттик кызматчылардын этикасы боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетинин курамынан чыгарылсын.
2. Төмөнкүлөр:
депутат Урмат Абдилашимовна Аманбаева төраганын орун басарынын кызмат ордун ээлөө менен Саламаттык сактоо, социалдык саясат, эмгек жана миграция боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетинин курамына;
депутат Роман Шин Адам укуктары, тең мүмкүнчүлүктөр жана коомдук бирикмелер боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетинин курамына киргизилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Жогорку Кеңештин регламенти жана мамлекеттик кызматчылардын этикасы боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине (К.Абдиев) жүктөлсүн.
4. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | А. Келдибеков |