Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013 жылдын 24 октябры № 3523-V
1916-жылдагы кайгылуу окуялардын 100 жылдыгы жөнүндө
2016-жылы 1916-жылдагы кайгылуу окуяларга 100 жыл боло тургандыгына байланыштуу жана аны ар тараптуу изилдөө, ошол окуяларда курман болгондордун элесине түбөлүккө таазим кылуу боюнча улуттук парзды аткаруу, диний ырым-жырымдарды сактоо менен курман болгондордун сөөгүн жерге кайра жашыруу, тарыхый мемориалды орнотуу максатында
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 1916-жылдагы кайгылуу окуялардын 100 жылдыгын өткөрүү боюнча уюштуруу комитетин түзсүн жана иш-чаралардын планын кабыл алсын.
2. Ушул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
3. Токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетине (К.Осмоналиев) жүктөлсүн.
Төрагасынын орун басары |
Т. Зулпукаров |