КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013 жылдын 31 октябры № 3535-V
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 5-сентябрындагы № 3424-V токтому менен түзүлгөн макулдашуу тобу тарабынан иштелип чыккан "Ош шаарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын кабыл алуу тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 62 жана 63-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 5-сентябрындагы № 3424-V токтому менен түзүлгөн макулдашуу тобу тарабынан иштелип чыккан "Ош шаарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган варианты кабыл алынсын.
2. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрагасынын орун басары |
Т. Зулпукаров |