Загрузка документа…
КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 6-ноябрындагы № 17-VI токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 29-ноябры № 2556-V
2012-жылдын 19-январындагы 1529-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
2012-жылдын 19-январындагы № 1529-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төмөнкү депутаттары:
"Республика" депутаттык фракциясынан Бакиров Мирлан Исакбекович Бюджет жана финансы боюнча комитеттин курамынан;
"Республика" депутаттык фракциясынан Режавалиев Абдулатип Маматасанович - Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин курамынан;
КСДП депутаттык фракциясынан Турсунбеков Чыныбай Акунович - Жогорку Кеңештин Регламенти жана депутаттык этика боюнча комитеттин курамынан;
КСДП депутаттык фракциясынан Жамгырчиева Гүлнара Оморовна - Социалдык саясат боюнча комитеттин курамынан;
"Ата-Журт" депутаттык фракциясынан Абдиев Курмантай - Жогорку Кеңештин Регламенти жана депутаттык этика боюнча комитеттин курамынан;
"Ата-Журт" депутаттык фракциясынан Бакиров Өмүрбек Мирзараимович Сот-укуктук маселелер жана мыйзамдуулук боюнча комитеттин курамынан;
"Ата-Журт" депутаттык фракциясынан Осмонов Курманбек Эргешович Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитеттин курамынан чыгарылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төмөнкү депутаттары:
"Республика" депутаттык фракциясынан Бакиров Мирлан Исакбекович Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитеттин курамына;
"Республика" депутаттык фракциясынан Режавалиев Абдулатип Маматасанович - Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитеттин курамына;
КСДП депутаттык фракциясынан Турсунбеков Чыныбай Акунович - Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитеттин курамына;
КСДП депутаттык фракциясынан Жамгырчиева Гүлнара Оморовна - Эл аралык иштер боюнча комитеттин курамына;
"Ата-Журт" депутаттык фракциясынан Абдиев Курмантай - Коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин курамына;
"Ата-Журт" депутаттык фракциясынан Бакиров Өмүрбек Мирзараимович Бюджет жана финансы боюнча комитеттин курамына;
"Ата-Журт" депутаттык фракциясынан Осмонов Курманбек Эргешович Сот-укуктук маселелер жана мыйзамдуулук боюнча комитеттин курамына киргизилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Жогорку Кеңештин Регламенти жана депутаттык этика боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине (А.Т.Алтыбаева) жүктөлсүн.
4. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрагасынын орун басары |
Б. Мамырова |