Загрузка документа…
КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 6-ноябрындагы № 17-VI токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 14-марты № 2911-V
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин түзүмдөрүн бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 19-январындагы № 1529-V токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин түзүмдөрүн бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 19-январындагы № 1529-V токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. Чыгарылсын:
депутат Абдимуктар Маматов Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин курамынан;
депутат Акылбек Шакирович Султанов Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитетинин курамынан.
2. Киргизилсин:
депутат Абдимуктар Маматов Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин курамына;
депутат Акылбек Шакирович Султанов Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин курамына;
депутат Нариман Ташполотович Тюлеев Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетинин курамына;
депутат Нуркамил Апишевич Мадалиев Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетинин курамына.
3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | А. Жээнбеков |