КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 23-апрелиндеги № 3987-V токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 6-ноябры № 3561-V
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 19-январындагы № 1529-V токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 19-январындагы № 1529-V токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:
1-пунктта:
отуз төртүнчү абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы токсон экинчи абзац менен толукталсын:
"Садырбаева Гүласал - "Ата-Мекен" депутаттык фракциясынан".
2. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет
Төрага | А. Жээнбеков |