Редакцияот 06.11.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2013-жылдын 6-ноябры № 3550-V

"2012-жылдын 11-декабрында Сеул шаарында кол коюлган Кош салык салуудан качуу жана кирешелерге жана капиталга салыктарды төлөөдөн четтөөнү болтурбоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Корея Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2013-жылдын 28-майындагы № 297 токтому) "2012-жылдын 11-декабрында Сеул шаарында кол коюлган Кош салык салуудан качуу жана кирешелерге жана капиталга салыктарды төлөөдөн четтөөнү болтурбоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Корея Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер боюнча комитети (К.К.Иманалиев) жогоруда аталган мыйзамдын долбоорун жазуу жүзүндө кабыл алынган сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.

 

Төрага

А. Жээнбеков