Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 6-ноябры № 3548-V
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө ("Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө", "Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине)" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Д.Бекешев жана Ш.Айтматова тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө ("Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө", "Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине)" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.
2. Мыйзам чыгаруу демилгесинин субъекттери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетине жана бир эле убакта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын эксперттик кызматына жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзам долбооруна карата өз сунуштарын жана түзөтүүлөрүн алардын негиздемеси менен жазуу жүзүндө 5 жумушчу күндүн ичинде жиберсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык боюнча комитети (К.Самаков) жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбоорун келип түшкен жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жеткире иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Төрага | А. Жээнбеков |