Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 6-ноябры № 3556-V
"Кредиттик маалыматтарды алмашуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кароо жол-жоболоруна кайрылуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 59-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 27-июнундагы № 3399-V токтому менен экинчи окууда кабыл алынган, депутаттар У.Кочкоров, Т.Зулпукаров, А.Эшимов жана Д.Бекешев тарабынан демилгеленген "Кредиттик маалыматтарды алмашуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун үчүнчү окууда кароо токтотулсун жана экинчи окууда кароонун жол-жоболоруна кайрылып келсин.
2. "Кредиттик маалыматтарды алмашуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 27-июнундагы № 3399-V токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети (К.Самаков) жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Төрага | А. Жээнбеков |