КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 14-ноябры № 3583-V
"2013-жылдын 6-июнунда Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Польша Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда кол коюлган дипломаттык паспорттордун ээлери үчүн визалык талаптарды жокко чыгаруу жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2013-жылдын 4-октябрындагы № 554 токтому) "2013-жылдын 6-июнунда Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Польша Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда кол коюлган дипломаттык паспорттордун ээлери үчүн визалык талаптарды жокко чыгаруу жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.
Төрагасынын орун басары | Ч. Султанбекова |