Редакцияот 14.11.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2013-жылдын 14-ноябры № 3586-V

"Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2013-жылдын 1-августундагы № 442 токтому) "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.

2. Мыйзам чыгаруу демилгесинин субъекттери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитетине жана бир эле убакта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын эксперттик кызматына жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбооруна карата өз сунуштарын жана түзөтүүлөрүн алардын негиздемеси менен жазуу жүзүндө 5 жумушчу күндүн ичинде жиберсин.

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитети (К.С. Бокоев) жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбоорун келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жеткире иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.

 

Төрагасынын орун басары

Ч. Султанбекова