Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2000-жылдын 17-майы N 275
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын
17-февралындагы "Граждандык авиация объекттеринде
авиациялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча нормативдик
актыларды бекитүү жөнүндө" N 87 токтомуна өзгөртүү
жана толуктоо киргизүү тууралуу
Авиациялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча нормативдик актыларды Дипломатиялык катнаштар жөнүндө Вена конвенциясынын жоболоруна ылайыктоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Граждандык авиация объекттеринде авиациялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча нормативдик актыларды бекитүү жөнүндө" N 87 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:
- Кыргыз Республикасынын аэропортторунда жана авиаишканаларында өткөрүү жана объекти ичиндеги режимди уюштуруу боюнча Жободо:
- 21-пункттун бешинчи абзацындагы "жана дипломатиялык почтанын" деген сөздөр алынып ташталсын;
- 21-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
" - чет мамлекеттердин Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинде катталган элчиликтеринин жана өкүлчүлүктөрүнүн дипломатиялык чабармандары техникалык каражаттарды кошкондо толук текшерүүсүз жана дипломатиялык почтаны толук текшерүүсүз, атайын реестрде көрсөтүлүү менен учууга кое берилет,"
- Кыргыз Республикасынын аэропортторунда жана авиаишканаларында авиациялык коопсуздуктук камсыз кылуу боюнча Нормалардын, эрежелердин жана процедуралардын 15-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда жазылсын:
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, областтык жана шаардык кеңештердин депутаттары, ошондой эле дипломатиялык иммунитетке ээ жүргүнчүлөр аба кемесинин бортуна отуруу алдында кадимкидей текшерилип каралат".
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги менен бирге Кыргыз Республикасынын аба транспортунун ишканалары аркылуу дипломатиялык почтаны ташуу тартибин аныктасын.
Премьер-министр А.Муралиев