Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 13-ноябры № 3567-V
«Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, "Кыргыз Республикасындагы жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына)» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары К.С. Бокоев, Д.А. Ниязалиева жана Н.А. Нарматова тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, "Кыргыз Республикасындагы жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына)" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.
2. Мыйзам чыгаруу демилгесинин субъекттери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетине жана бир эле убакта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын эксперттик кызматына жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзам долбооруна карата оз сунуштарын жана түзөтүүлөрүн алардын негиздемеси менен жазуу жүзүндө 10 жумушчу күндүн ичинде жиберсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык боюнча комитета (К.С. Самаков) жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбоорун келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жеткире иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Төрагасынын орун басары |
| Ч. Султанбекова |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 13-ноябры № 3567-V
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, "Кыргыз Республикасындагы жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына)" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө
(КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 21-майындагы № 4058-V токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары К.С.Бокоев, Д.А.Ниязалиева жана Н.А.Нарматова тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, "Кыргыз Республикасындагы жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына)" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитети (К.С.Дыйканбаев) жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбоорун келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жеткире иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
(КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 21-майындагы № 4058-V токтомунун редакциясына ылайык)
Төраганын орун басары | Ч.Султанбекова
|