Сравнение редакций…
|
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 29-июнундагы N 2253-V токтомуна тиркеме |
Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясынын Ч.Айтматов атындагы сыйлыгынын ЖОБОСУ
(КР Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 27-ноябрындагы N 3623-V, 2014-жылдын 27-ноябрындагы № 4520-V токтомдорурун редакцияларына ылайык)
1. Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясынын Ч.Айтматов атындагы сыйлыгы (мындан ары - Парламенттер аралык Ассамблея) Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин (мындан ары - КМШ өлкөлөрү) ар түрдүү маданий жана диний салттарды, тынчтык менен достуктун бекемдигин, мамлекеттер аралык руханий байланыштардын өнүгүүсүн кармап туруучу маданият, агартуу, гуманитардык илим, адабият жана искусство жаатындагы эмгеги үчүн, маданий мурастарды иликтөө жана сактоо, улуттардын жана элдердин маданияттарынын жакындашуусуна жана өз ара баюусуна кошкон зор салымы үчүн башка мамлекеттерди жана жарандыгы жок адамдарды сыйлоосунун жогорку формасы болуп саналат.
Парламенттер аралык Ассамблеясынын Кеңешинин Ардак грамотасы менен мурда сыйлаган эреже катары жыл ичинде мамлекеттен бирден ашык эмес талапкер сыйлыкка көрсөтүлөт. Бир жылда бир адам Ч.Айтматов атындагы сыйлыктын лауреаты боло алат.
2. Сыйлыкка көрсөтүү Парламенттер аралык Ассамблеясынын Кеңешинин кароосуна төмөнкүлөр тарабынан киргизилет:
KMШ өлкөлөрүнүн президенттери;
KMШ өлкөлөрүнүн парламенттеринин төрагалары;
Парламенттер аралык Ассамблеясынын Кеңешинин төрагасы;
Парламенттер аралык Ассамблеясынын Кеңешинин Башкы катчысы;
маданият, маалымат, туризм жана спорт боюнча КМШ Парламенттер аралык Ассамблея комиссиялары.
3. Парламенттер аралык Ассамблеясынын Кеңеши өзүнүн жыйынында сыйлыкка көрсөтүүнү бекитет, Парламенттер аралык Ассамблеянын Маалыматтык бюллетенинде жарыялана турган токтомду кабыл алат.
Сыйлыктын медалынын жана ага күбөлүгүнүн номери бар.
4. Сыйлыктын медалы жана ага күбөлүгү сыйлануучуга салтанаттуу жагдайда улуу жазуучу Ч.Айтматовдун туулган күнүндө эреже катары Парламенттер аралык Ассамблеянын жыйынында Парламенттер аралык Ассамблеясынын Кеңешинин төрагасы же анын тапшыруусу боюнча КМШ Парламенттер аралык Ассамблеянын Башкы секретары тарабынан тапшырылат.
5. Медаль сол төшкө тагылат.
Медалдын жайгашуусу сыйлануучунун жарандуулугу болуп саналган мамлекеттин мыйзамдары тарабынан аныкталат.
7. Жоготпоого мүмкүн эмес шарттарда медалды жоготкон учурда, Парламенттер аралык Ассамблеясынын Кеңешинин чечими боюнча сыйланганга медалдын дубликаты берилиши мүмкүн.
Медалга (Ч.Айтматов атындагы сыйлыктын лауреатынын) 30 миң АКШ доллары өлчөмүндө акчалай сыйлык кошулат, ал Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен каржыланат.
Медалдын дубликатын берүү жөнүндө сунуштама сыйлангандын арызы боюнча каралат.
(КР Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 27-ноябрындагы N 3623-V, 2014-жылдын 27-ноябрындагы № 4520-V токтомдорурун редакцияларына ылайык)
8. Мыйзамсыз ээ болгон адамдан укук коргоо жана бажы органдары тарабынан алынган медаль, ошондой эле ээси аныкталбаган медаль Парламенттер аралык Ассамблеясынын Кеңешинин катчылыгына жиберилет.
9. Сыйланган каза болгон учурда медаль жана ага күбөлүгү мураскерлерде калат. Мураскерлери болбогон учурда медаль жана ага күбөлүгү Парламенттер аралык Ассамблеясынын Кеңешинин катчылыгына кайтарылууга жатат, ал андан ары аларды сактоонун тартиби жана орду жөнүндө чечим кабыл алат.
Кайтыш болгон сыйлангандын медалы жана ага күбөлүгү мураскерлердин макулдугу менен музейдин сунуштамасы болгондо мамлекеттик музейлерге берилиши мүмкүн. Сактоо жана көргөзүү үчүн музейге берилген медаль кайтыш болгон сыйлангандын мураскерлерине кайтарылып берилбейт.
10. Эгерде сыйлыкка көрсөтүүнүн так эместиги же негиздүү эместиги аныкталса, сыйлоо жөнүндө чечимди Парламенттер аралык Ассамблеясынын Кеңеши жокко чыгарат.
Сыйлоону жокко чыгаруу жөнүндө чечим бекиген адамга карата тапшырылган медаль жана ага күбөлүк Парламенттер аралык Ассамблеясынын Кеңешинин катчылыгына кайтарылууга жатат.
11. Эгерде ал арылган медаль үчүн сыйлангандын жасаган жосуну коомдук коркунуч мүнөздү жоготсо, Парламенттер аралык Ассамблеясынын Кеңеши KMШ мамлекеттердин жаранынын медалга укуктуулугун калыбына келтирет.
Медалга укуктуулусун калыбына келтирүү жөнүндө Парламенттер аралык Ассамблеясынын Кеңешинин чечими күчүнө киргенден кийин сыйланганга медаль жана ага күбөлүгү кайтарылат.
12. Медалды мыйзамсыз сатып алууга же өткөрүүгө, медалга аталышынын бирдейлиги, окшоштугу же тышкы окшоштугу бар белгилерди уюштурууга жана чыгарууга, ошондой эле тагынууга укугу жок адамдын медалды тагынуусуна тыюу салынат.
13. Сыйлык менен сыйлануучу Кеңештин туруктуу комиссиясынын ишине, жыйындарына жана Парламенттер аралык Ассамблеянын пленардык жыйындарына катышууга укуктуу.
|
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 29-июнундагы N 2253-V токтомуна тиркеме |
Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясынын Чынгыз Айтматов атындагы сыйлыгы жөнүндө ЖОБО
(КР Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 27-ноябрындагы N 3623-V, 2014-жылдын 27-ноябрындагы № 4520-V, 2019-жылдын 8-майындагы № 3043-VI токтомдорурун редакцияларына ылайык)
1. Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясынын Чынгыз Айтматов атындагы сыйлыгы Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин, башка мамлекеттердин жарандарын жана жарандыгы жок адамдарды сыйлоонун формасы болуп саналат жана адабият жаатында жетишкендиги, көрүнүктүү оригиналдуу чыгармалары жана көп тармактуу адабий ишмердүүлүгү үчүн ыйгарылат.
Парламенттер аралык Ассамблеясынын Кеңешинин Ардак грамотасы менен мурда сыйлаган эреже катары жыл ичинде мамлекеттен бирден ашык эмес талапкер Сыйлыкка көрсөтүлөт. Бир жылда бир адам Чынгыз Айтматов атындагы сыйлыктын лауреаты боло алат.
(КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 8-майындагы № 3043-VI токтомунун редакциясына ылайык)
2. Сыйлыкка көрсөтүү Парламенттер аралык Ассамблеянын Кеңешинин кароосуна төмөнкүлөр тарабынан киргизилет:
KMШ өлкөлөрүнүн президенттери;
KMШ өлкөлөрүнүн парламенттеринин төрагалары;
Парламенттер аралык Ассамблеясынын Кеңешинин Төрагасы;
Парламенттер аралык Ассамблеясынын Кеңешинин Башкы катчысы;
маданият, маалымат, туризм жана спорт боюнча КМШ Парламенттер аралык Ассамблея комиссиялары.
(КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 8-майындагы № 3043-VI токтомунун редакциясына ылайык)
3. Парламенттер аралык Ассамблеясынын Кеңеши өзүнүн жыйынында Сыйлыкка көрсөтүүнү бекитет, Парламенттер аралык Ассамблеянын Маалыматтык бюллетенинде жарыялана турган токтомду кабыл алат.
Сыйлыктын медалынын жана ага күбөлүгүнүн номери бар.
4. Сыйлыктын медалы жана анын күбөлүгү сыйлануучуга салтанаттуу жагдайда улуу жазуучу Чынгыз Айтматовдун туулган күнүндө, эреже катары, Парламенттер аралык Ассамблеянын жыйынында Парламенттер аралык Ассамблеянын Кеңешинин Төрагасы же анын тапшыруусу боюнча КМШ Парламенттер аралык Ассамблеянын Башкы секретары тарабынан тапшырылат.
(КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 8-майындагы № 3043-VI токтомунун редакциясына ылайык)
5. Медаль сол төшкө тагылат.
Медалдын жайгашуусу сыйлануучунун жарандуулугу болуп саналган мамлекеттин мыйзамдары тарабынан аныкталат.
6. Сыйлык бир адамга эки жолу берилбейт.
(КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 8-майындагы № 3043-VI токтомунун редакциясына ылайык)
7. Жоготпоону болтурбоо мүмкүнчүлүгү жок жагдайларда медалды жоготкон учурда, Парламенттер аралык Ассамблеянын Кеңешинин чечими боюнча сыйланганга медалдын дубликаты берилиши мүмкүн.
Акчалай сыйлыктын өлчөмү жыл сайын Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясынын Чынгыз Айтматов атындагы сыйлыгы ыйгарылуучу алдыдагы жылдын 30-декабрына чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан аныкталат.
Медалдын дубликатын берүү жөнүндө сунуштама сыйлангандын арызы боюнча каралат.
(КР Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 27-ноябрындагы N 3623-V, 2014-жылдын 27-ноябрындагы № 4520-V, 2019-жылдын 8-майындагы № 3043-VI токтомдорурун редакцияларына ылайык)
8. Медалга мыйзамсыз ээ болгон адамдан укук коргоо жана бажы органдары тарабынан алынган, ошондой эле ээси аныкталбаган медаль Парламенттер аралык Ассамблеянын Кеңешинин катчылыгына жиберилет.
(КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 8-майындагы № 3043-VI токтомунун редакциясына ылайык)
9. Сыйланган каза болгон учурда медаль жана анын күбөлүгү мураскерлерде калат. Мураскерлери болбогон учурда медаль жана ага күбөлүгү Парламенттер аралык Ассамблеянын Кеңешинин катчылыгына кайтарылууга тийиш, ал андан ары аларды сактоонун тартиби жана орду жөнүндө чечим кабыл алат.
Каза болгон сыйлангандын медалы жана анын күбөлүгү мураскерлердин макулдугу менен музейдин сунуштамасы болгондо, мамлекеттик музейлерге берилиши мүмкүн. Сактоо жана көргөзүү үчүн музейге берилген медаль каза болгон сыйлангандын мураскерлерине кайтарылып берилбейт.
(КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 8-майындагы № 3043-VI токтомунун редакциясына ылайык)
10. Эгерде сыйлыкка көрсөтүүнүн так эместиги же негизсиздиги аныкталса, Парламенттер аралык Ассамблеянын Кеңеши сыйлоо жөнүндө чечимди жокко чыгарат.
Сыйлоону жокко чыгаруу жөнүндө чечим чыгарылган адамга тапшырылган медаль жана анын күбөлүгү Парламенттер аралык Ассамблеянын Кеңешинин катчылыгына кайтарылууга тийиш.
(КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 8-майындагы № 3043-VI токтомунун редакциясына ылайык)
11. Эгерде сыйланган адам тарабынан медалдан ажыроочу жосун жасалып, ал коомго коркунуч туудурган мүнөзүн жоготсо, Парламенттер аралык Ассамблеянын Кеңеши КМШга катышкан мамлекеттин жаранынын медалга болгон укугун калыбына келтириши мүмкүн.
Медалга укуктуулугун калыбына келтирүү жөнүндө Парламенттер аралык Ассамблеянын Кеңешинин чечими күчүнө киргенден кийин сыйланганга медаль жана анын күбөлүгү кайтарылат.
(КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 8-майындагы № 3043-VI токтомунун редакциясына ылайык)
12. Медалды мыйзамсыз сатып алуу же сатып жиберүү, анын аталышына окшош же сырткы окшоштугу бар белгилерди уюштурууга жана чыгарууга, ошондой эле медалды тагынууга укугу жок адамдардын тагынуусуна тыюу салынат.
(КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 8-майындагы № 3043-VI токтомунун редакциясына ылайык)
13. Сыйлык менен сыйланган Парламенттер аралык Ассамблеянын пленардык жыйындарына жана анын Кеңешинин туруктуу комиссияларынын ишине, жыйындарына катышууга укуктуу.
(КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 8-майындагы № 3043-VI токтомунун редакциясына ылайык)