Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 21-ноябры № 3613-V
"Маданият жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышы тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши "Маданият жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышы тууралуу Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри С.Раевдин маалыматын угуп, төмөндөгүлөрдү белгилейт:
Аталган Мыйзамда Кыргыз Республикасында маданияттын кайра жаралуусу, сакталышы, өнүгүүсү жана даңазаланышы, ушул жаатта мамлекеттик саясатты калыптандыруу жана жүзөгө ашыруу, анын социалдык, уюштуруу, укуктук жана экономикалык системасын өркүндөтүү, ушул тармактагы мыйзамдарды иштеп чыгуу, жарандардын улуттук жана дүйнөлүк маданий мурастарга аралашуусу үчүн зарыл шарттарды түзүү каралган.
Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан "Маданият жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын (мындан ары - Мыйзам) жүзөгө ашыруу боюнча бир катар иштер аткарылган, бирок ошону менен бирге олуттуу кемчиликтер жана мүчүлүштөр орун алган.
Мыйзамдын 35-беренесине ылайык жыл сайын республикалык бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн 3% кем эмес өлчөмүндө каржылоо Кыргыз Республикасында маданият жаатындагы ишти колдоонун мамлекеттик кепилдиктеринин негизи болуп саналат. Тилекке каршы, Мыйзамдын ушул талабы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жыл сайын аткарылбай жатат, айтсак 2012-жылы республикалык бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн 1% өлчөмүндө гана каржылоо каралган. Маданият жаатындагы орун алган кемчиликтердин жана мүчүлүштөрдүн орун алышын министрлик жетиштүү каржылоонун болбогондугуна шылтоо кылышат.
Ушул мезгилге чейин министрлик тарабынан Мыйзамдын аткарылышы боюнча иш-чаралар белгиленген эмес. Кыргыз Республикасынын маданият тармагын өнүктүрүүнүн 2020-жылга чейинки стратегиясын иштеп чыгуу жана бекитүү негизсиз создуктурулуп жатат. 2012-жылы аталган стратегияны иштеп чыгууда министрлик 2006-жылкы Санкт-Петербург шаарынын маданиятын өнүктүрүү тууралуу документтен сөзмө-сөз көчүрүп алгандыгы жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттарында маалымат жарыяланган. Өткөн жылдары министрлик тарабынан маданиятты өнүктүрүү боюнча эч кандай программалар, иш-чаралар кабыл алынган эмес. Министрликтин коллегиясында маданият маселелери бир да жолу каралган эмес.
Кыргызстандын элинин маданий мурастарынын объектилерин мамлекеттик коргоо, тарых жана маданият эстеликтерин сактоо жөнүндө Мыйзамдын 18-21-беренелеринин талаптарын аткаруу боюнча жүргүзүлүп жаткан тийиштүү иштерге карабастан, алардын азыркы абалы тынчсыздандырууну жаратат. Ал объектилерди реставрациялоо, консервациялоо жана ремонттоо иштери соңку 15-20 жылдын аралыгында жүргүзүлгөн эмес. Бурана, Өзгөн мунаралары, белгилүү Таш-Рабат эстелиги, Шах-Фазилдин мавзолейи, Идрис пайгамбардын эстелиги реставрациялоо иштерин жүргүзүүгө муктаж.
Бүгүнкү күндө республикалык маанидеги 583 тарых жана маданият эстеликтеринин 298нин паспорту жок. Акыркы 15 жылда аларды инвентаризациялоого жана паспорттоштурууга эч кандай каражаттар бөлүнгөн эмес. Эстеликтерди паспорттоштуруу эл аралык стандартка ылайык окумуштуулардын жана атайын адистердин катышуусу менен жүргүзүлүшү керек.
Азыркы убакта республикада 51 музейдин 10 гана атайын курулган имараттарда жайгашкан. Көпчүлүк музейлердин имараттары капиталдык ремонтко муктаж. Соңку 20 жылда өлкөдө бир да типтүү музей курулган эмес. Музейлер квалификациялуу кадрлар, заманбап жабдуулар, цифралык технологиялар менен камсыз болгон эмес, көптөн бери музейлердин фонддору жаңыртылып толукталган эмес. ЮНЕСКО тарабынан Бүткүл дүйнөлүк мурастардын тизмесине киргизилген Сулайман-Тоо улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин айланасындагы мыйзамсыз курулуштарга жол бербөө боюнча чечкиндүү аракеттер көрүлгөн эмес.
Мыйзамдын 27-беренесине ылайык китепкана ишин өнүктүрүү министрликтин башкы милдети болуп саналат.
Бирок бүгүнкү күндө республиканын көптөгөн китепканаларында каржылоонун жетишсиздигинен китеп фонддорун толуктоо, жаңыртуу, материалдык-техникалык базаларын жакшыртуу жаатында оор абал түзүлгөн. Республикадагы 1055 китепкананын 242си капиталдык ремонтко муктаж, 19 китепкана авариялык абалда турат. Министрлик тарабынан китепканаларды өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттары аныкталбаган жана иштелип чыккан эмес. Алар агартуунун маалыматтык, маданий мекемелери катары мүмкүнчүлүктөрүн пайдалана алышпай жатат. Китепканаларды компьютердик жана башка маалыматтык технологиялар менен камсыз кылуу, даярдыгы бар кадрлар менен толуктоо боюнча иштер жетишсиз жүргүзүлүүдө.
Азыркы учурда Кыргыз Республикасында 695 клуб, бир нече маданият жана эс алуу парктары бар. Мыйзамдын 28-беренесине ылайык, маданий эс алуу мекемелери (клубдар) бардык каалоочулардын өздүк көркөм чыгармачылыгын, өздөрүнүн көркөм жана интеллектуалдык жөндөмдүүлүгү менен шыктуулугун өнүктүрүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында иштейт. Бирок, айыл жерлеринде калкты маданий жактан тейлөө иштеринде олуттуу кемчиликтер бар. Соңку жылдарда клубдардын материалдык-техникалык базасын жакшыртууга эч кандай каражат бөлүнгөн эмес. Министрлик маданият жаатындагы саясатты жүргүзүүчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган катары айыл маданиятын өнүктүрүү ишинде жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана өзүн-өзү башкаруу органдары менен бирдиктүү иш алып баралган жок. Бүгүнкү күндө 53 клубдук мекемелер ремонтко муктаж. Айрыкча айылдык клубдардын жетекчилеринин кесиптик билимдери өтө төмөнкү деңгээлде болууда. Аларды даярдыгы бар кадр менен камсыз кылууда жергиликтүү айыл өкмөттөрү менен биргелешип иш алып барууга жетиштүү көңүл бурулбай жагат. Акыркы жылдары клуб имараттарынын курулушуна республикалык бюджеттен каражат бөлүнгөн эмес. Көпчүлүк жерлерде клубдар ыңгайсыз жайларда орун алган. Жалпысынан республика боюнча айылдык клубдардын 80%, бул 695 клуб мекемелери, музыкалык аспаптар, сахналык кийим-кечектер менен камсыз кылынган эмес. Жергиликтүү бийлик органдары тарабынан техникалык каражаттарды жана жабдууларды алууга каражаттар бөлүнбөйт. Айылдык клубдар менеджментти жана маркетингди, компьютердик технологияларды билген адистерге муктаж. Министрликтин ушул жааттагы алгылыктуу, демилгелүү аракеттери байкалбайт.
Мыйзамдын 30-беренесине ылайык маданият жана искусство жаатындагы окуу жайлары маданият жана искусство мекемелери үчүн жогорку жана орто билимдүү адистерди даярдашат. Ушул тапта министрликке караштуу 2 жогорку, 8 атайын орто окуу жайлары, 90 балдардын көркөм музыкалык мектептери бар. Ушул тапта 14 мектеп капиталдык ремонтко муктаж. Ал эми Орловка, Чүй, Таш-Көмүр, Октябрь балдардын музыкалык мектеби жана Ал-Букадагы балдардын искусство мектеби авариялык абалда. Музыкалык окуу жайларын керектүү аспаптар, окуу куралдары менен камсыз кылуу, материалдык техникалык базаларын жакшыртуу үчүн жыл сайын 200 млн. сом талап кылынат. Бирок, каражат жетиштүү деңгээлде бөлүнбөй келет. Окуу жайларында окуу программаларын жакшыртууга тийиштүү көңүл бурулбай жатат.
Мыйзамдын 6-беренесине ылайык чыгармачыл уюмдарга көңүл буруу, маданиятты, искусствону, көркөм өнөрдү жаратуучуларга - жазуучуларга, композиторлорго, сүрөтчүлөргө, кинематографисттерге жана башка өнөр ээлерине камкордук көрүү, колдоо көрсөтүү министрликтин башкы милдети болуп саналат. Бирок көптөгөн жылдардан бери маданият министрлиги ушул чыгармачыл союздарды колдоонун жолдорун жана формаларын таба албады, чыгармачыл уюмдарга колдоо көрсөтүүнүн мыйзамдык базаларын өркүндөтүү үчүн программалардын иш-чараларын иштеп чыгып, өз сунуштарын Өкмөткө бере алган жок.
Мыйзамдын 23-25-беренелерине ылайык дал мына ушул министрлик искусство жана маданият чыгармаларын жайылтуу жана даңазалоо боюнча иштерди жүргүзүүгө тийиш эле. Театр искусствосунун абалы да тийиштүү деңгээлде эмес. Театрлардын репертуарын жаңыртуу, театрларга көрүүчүлөрдү тартуу, республиканын региондору боюнча гастролдорду уюштуруу багытында министрлик тарабынан иш-чаралар көрүлбөй жатат. Айыл калкы театрдан дээрлик четте калды.
Министрлик тарабынан жаш таланттарды жана чыгармачыл адамдарды колдоо жаатында да бир топ көйгөйлүү маселелер бар. Алар менен кызматташуу, чыгармачылык шык жөндөмдүүлүгүн өстүрүүгө камкордук көрүү, шарттарды түзүү театрлардын, маданий мекемелердин милдети болуп саналат. Бул жаатта концерттик залдардын ижара акыларын ыксыз жогорулатуу алардын чыгармачылыгына терс таасирин тийгизүүдө.
Кинематография Кыргыз Республикасынын маданиятынын жана искусствосунун ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Мамлекет кинематографияны бирдиктүү бир система катары коргоого жана өнүктүрүүгө кепилдик берет. Бирок, Мыйзамга ылайык республикалык бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн 0,1% кем эмес өлчөмдө гана каржылоо каралган, бирок, тилекке каршы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бул каражаттарды бөлбөй жатат, ал кинематографиянын абалына терс таасирин тийгизүүдө. Министрлик тарабынан киноиндустриясын өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасынын иштелип чыгуусуна, улуттук маанидеги көркөм фильмдердин тартылышына, кинопрокаттын жолго коюлушуна, кыргыз кинолорунун эл аралык фестивалдарга катышуусуна көңүл бурулууга, бул үчүн зарыл шарт түзүлүүгө тийиш.
Жогоруда баяндалгандар "Маданият жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан аткарууда бир топ көйгөйлөр, кемчиликтер жана мүчүлүштөр орун алгандыгын көрсөттү. Министрлик маданиятты жана искусствону өнүктүрүү жаатында мыйзамды жүзөгө ашыруу боюнча иштиктүү иш-чараларды кабыл алууга милдеттүү.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Маданият жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышы боюнча Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин иши жетишээрлик эмес деп табылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- Кыргыз Республикасынын маданият тармагын өнүктүрүүнүн стратегиясын иштеп чыгуу жана бекитүү боюнча чараларды кабыл алсын;
- жыл сайын маданиятты өнүктүрүү үчүн республикалык бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн үч пайыздан кем эмес өлчөмүндө каражат бөлүү мүмкүнчүлүгүн карасын;
- улуттук фильмдердин кинопрокатын КНСтан бошотуу боюнча Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүүнү караган Мыйзам долбоорун киргизсин.
3. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги:
- "Маданият жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын аткаруу боюнча иштиктүү чараларды кабыл алсын;
- чыгармачыл уюмдарды жана маданият жана искусство ишмерлерин мамлекеттик колдоо боюнча мыйзамдык базаларды иштеп чыксын;
- маданиятты өнүктүрүү үчүн инвестицияларды, гранттарды тартууга жана жумшоого көңүл бурсун;
- китепканалардын, музейлердин жана музей фонддорунун ишин, материалдык-техникалык базаларын жакшыртсын, киноиндустриясын жандандырсын жана өнүктүрсүн, аларды заманбап техникалык жабдуулар менен камсыз кылсын, ченемдик-укуктук базаларды өркүндөтсүн;
- театр ишин жакшыртуу, репертуарларын жаңыртуу, эл аралык фестивалдарды өткөрүү ишине жетиштүү көңүл бурсун;
- маданият жаатындагы мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган катары айылдык маданий мекемелердин, клубдардын, китепканалардын, музейлердин ишин жакшыртуу боюнча биргелешкен ишти жүргүзүүдө жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, өз алдынча башкаруу органдарынын көңүл буруусун камсыз кылсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетине (К.Осмоналиев) жүктөлсүн.
Төрагасынын орун басары |
| Ч. Султанбекова |