Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 14-ноябры № 3572-V
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Э.А.Сакебаевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана ал кызмат ордуна депутат Г.А.Скрипкинаны шайлоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басары катары депутат Эркин Абдышевич Сакебаевдин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.
2. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 26-беренесине ылайык жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча депутат Галина Анатольевна Скрипкина Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басары болуп шайлансын.
3. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин төрагаларынын орун басарларын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 22-февралындагы № 1664-V токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
отуз экинчи абзацта "Э.А.Сакебаев" деген сөздөр "Г.А.Скрипкина" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
4. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Заместитель Төрага |
| Ч.Султанбекова |