Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 27-ноябры № 3619-V
"Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты И.И.Исаков тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.
2. Мыйзам чыгаруу демилгесинин субъекттери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитетине жана бир эле убакта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын эксперттик кызматына жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзам долбооруна карата өз сунуштарын жана түзөтүүлөрүн алардын негиздемеси менен жазуу жүзүндө 5 жумушчу күндүн ичинде жиберсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитети (К.С.Бокоев) жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбоорун келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жеткире иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
4. "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун четке кагуу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 13-ноябрындагы № 3568-V токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
Төраганын орун басары | Т. Зулпукаров |