Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 4-декабры № 3644-V
"Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысына (Омбудсменине) ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктарын жана эркиндиктерин сактоо жагында парламенттик контролду жүргүзүү боюнча таншырма берүү жөнүндө"
Ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктарын натыйжалуу коргоо, "Ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын аткаруу, ошондой эле аларды коомго интеграциялоо максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 108-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени):
1) ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып алты айдын ичинде төмөндөгү маселелерди камтуу менен ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктарын жана эркиндиктерин сактоо жагында парламенттик контролду жүргүзсүн:
- мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана юридикалык жактардын "Ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, "Теле көрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-1-беренесин, "Ден-соолугунун мүмкүнчүлүктерү чектүү адамдардын укуктары жөнүндөгү мыйзамдардын нормаларынын аткарылышы тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 28-декабрындагы № 1456-V токтомун жана башка ченемдик укуктук актыларды аткаруусу;
- ченемдик укуктук актыларда ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектүү адамдардын укуктарын начарлатуучу дискриминациялык нормалардын, мүчүлүштөрдүн жана карама-каршылыктардын болушун иликтөө үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын талдоого алуу;
- ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектүү адамдарга башталгыч, орто жана жогорку билим берүүнүн жеткиликтүү болуусу;
- адистештирилген мектептердин жана китепканалардын начар көргөндөргө арналган ири тамгаларда, Брайль тамгаларында басылган окуу китептери, ошондой эле начар уккандарга арналган окуу китептери менен камсыз болуусу;
- жаңдашып сүйлөшүү тилинин өнүгүүсү;
- ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын эмгекке, медициналык тейлөөгө жана социалдык коргоого укуктарын жүзөгө ашыруусу;
- ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын саясый укуктарын жана кепилдиктерин жүзөгө ашыруусу (Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын имаратына жана аймактык шайлоо комиссияларынын имараттарына калктын басып жүрүүсү кыйын топторунун кирип-чыгуусу жеткиликтүү болуусу, начар көргөн жана азиз жарандардын жашыруун добуш берүү укугун, шайланууга укугун жүзөгө ашыруусу);
- бала бакчаларда, мектептерде, университеттерде, маданий-зоок, социалдык мекемелерде, ошондой эле калкты тейлөөчү мекемелерде пандустардын болуусу;
- имараттарды жана турак жайларды курууда жана пайдаланууга берүүдө калктын басып жүрүүсү кыйын топтору үчүн курулуш нормативдеринин сакталуусу;
- азиз жарандарга автомобиль жолдорун өз алдынча кесип өтүүгө мүмкүндүк берүүчү жол инфраструктурасынын орнотулуусу;
- коомдук транспортторго жеткиликтүү болуусу;
- ушул токтомдун 2-пунктуна ылайык бул тизмекке киргизилиши мүмкүн болгон башка маселелер;
2) парламенттик контролду жүргүзүүнүн жыйынтыктары боюнча ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктарын жана эркиндиктерин сактоо жөнүндөгү атайын баяндама даярдасын жана Кыргыз Республикасынын Жогору Кеңешинин кароосуна киргизсин;
3) атайын баяндамада төмөндөгүлөр көрсөтүлсүн:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өзгөртүү боюнча сунуштамалар;
- ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктарын кыянат бузган кызмат адамдары;
- ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жагындагы кырдаалды жакшыртууга багытталган башка сунуштамалар.
2. Коомдук уюмдар ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып 10 күндүн ичинде Акыйкатчыга (Омбудсменге) парламенттик контролду жүргүзүүде иликтенүүчү кошумча маселелерди киргизүү боюнча сунуштарын жөнөтө алышат.
3. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле менчигин түрүнө карабастан бардык юридикалык жактар парламенттик контролду жүргүзүүдө Акыйкатчыга (Омбудсменге) көмөк көрсөтүүгө милдеттүү.
4. Парламенттик контролду жүргүзүүдө Акыйкатчы (Омбудсмен) мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын адистерин, макулдашуу боюнча - коомдук уюмдардын адистерин, ошондой эле зарыл учурларда ар кайсы тармактардан эксперттерди ишке тартууга укуктуу.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетине жүктөлсүн.
Төраганын орун басары | Т. Зулпукаров |