Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 5-декабры № 3651-V
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Медалы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары К. Иманалиев жана М. Бакиров тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Медалы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитети (Э.Ж. Алымбеков) үчүнчү окууда кароо үчүн Мыйзамдын долбоорунун акыркы текстин даярдасын.
Төраганын орун басары | Т. Зулпукаров |