Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 11-декабры № 3671-V
«2013-жылдын 26-июлунда Москва шаарында кол коюлган табигый газды Кыргыз Республикасынын аймагына жиберүү, бөлүштурүү жана сатуу чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2013-жылдын 24-сентябрындагы № 521 токтому) «2013-жылдын 26-июлунда Москва шаарында кол коюлган табигый газды Кыргыз Республикасынын аймагына жиберүү, бөлүштүрүү жана сатуу чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы темөндөгү чечмелөө менен кабыл алынсын:
- Макулдашуунун 5-беренесинин экинчи бөлүгүнүн үчүнчү абзацында каралган өзгөчө укук дегенде, компаниянын же анын укук мураскорлорунун компанияга таандык газ транспорттоочу тутум боюнча гана Кыргыз Республикасынын керектөөчүлөрү үчүн арналган жаратылыш газын импорттоого өзгөчө укугу түшүнүлсүн.
2. «Кыргызгаз» ААКнын карыздары жөнүндө маселени кароо жана ага укуктук баз берүү Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына тапшырылсын.
рТөраганын орун басары | Т.Зулпукаров |