Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 5-декабры № 3667-V
"2007-жылдын 5-октябрында Дүйшөмбү шаарында кол коюлган Тышкы чек араларда кризистик кырдаалдар пайда болгондо жана аны жөнгө салууда (жоюуда) жардам көрсөтүүдө Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин чек ара жана башка ведомстволорунун өз ара аракеттерин уюштуруу жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу протоколго эскертмени алып салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2013-жылдын 1-июлундагы № 391 токтому) "2007-жылдын 5-октябрында Дүйшөмбү шаарында кол коюлган Тышкы чек араларда кризистик кырдаалдар пайда болгондо жана аны жөнгө салууда (жоюуда) жардам көрсөтүүдө Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин чек ара жана башка ведомстволорунун өз ара аракеттерин уюштуруу жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу протоколго эскертмени алып салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.
2. Мыйзам чыгаруу демилгесинин субъекттери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер боюнча комитетине жана бир эле убакта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын эксперттик кызматына жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзам долбооруна карата өз сунуштарын жана түзөтүүлөрүн алардын негиздемеси менен жазуу жүзүндө 5 жумушчу күндүн ичинде жиберсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер боюнча комитети (К.Иманалиев) жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбоорун келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жеткире иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Төрагасынын орун басары | Т.Зулпукаров |