Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 05-декабры № 3646-V
2014-2016-жылдары айыл чарбасын жана кайра иштетүү өнөр жайын артыкчылыктуу финансылоо жөнүндө
Мамлекеттин жана коомдун өнүгүүсүнө агрардык сектордун таасиринин маанилүү ролун эске алуу менен, айыл чарбасын жана кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүүгө түрткү берүү максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл чарбасын жана кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү жана ушул максаттардын аткарылышын мамлекеттик колдоого алууну камсыз кылуу өлкөнүн экономикасынын 2014-2016-жылдардагы артыкчылыктуу багыты катары белгиленсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын жана кайра иштетүү өнөр жайын 2020-жылга чейин өнүктүрүүнүн Стратегиясын иштеп чыгууну тездетсин;
- "Кыргыз Республикасынын 2014-жылга республикалык бюджета жана 2015-2016-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунда алардын көлөмдөрүн жана каржылоо булактарын көрсөтүү менен ушул токтомдо жана Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын жана кайра иштетүү өнөр жайын 2020-жылга чейин өнүктүрүүнүн Стратегиясында каралган негизги иш-чараларды аткаруу үчүн каражаттарды карасын:
айыл чарба өндүрүшүнүн кыйла артыкчылыктуу түрлөрүнө жана анын продукциясын кайра иштетүүгө даректүү колдоо көрсөтүү, асыл тукум чарбаларында багылган асыл тукум малдардын жана асыл тукум материалдын, товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн наркынын бир бөлүгүн субсидиялоо;
айыл чарбасында рентабелдүү өндүрүштү камсыз кылуу үчүн дыйкан чарбаларына, анын ичинде жеке жактарга жана алардын азыктарын кайра иштетүүчүлөргө кредиттик каражаттарды берүүдө кредиттик мекемелер колдонуучу механизмди оптималдаштырууну жүргүзсүн;
- айыл чарбасын жана кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүүнү караган мыйзамдарды өркүндөтүү, алардын финансылык инструменттерин кайра түзүү, айыл чарба продукцияларынын, чийки заттардын жана азык-түлүктүн рынокторун жөнгө салуу, айылдык товар өндүрүүчүлөрдү финансылык кызмат көрсөтүүлөр, биринчи кезекте кредит жана лизинг менен камсыз кылуу боюнча сунуштарды киргизсин;
- үрөнчүлүк, асыл тукумчулук жана башка айыл чарба ишканаларына 1992-жылдан 2005-жылга дейре берилген бюджеттик ссудалар боюнча карыздарды реструктуризациялоону жүргүзсүн;
-төмөндөгүлөр боюнча чараларды кабыл алсын:
айыл жерлеринде финансылык-кредиттик мекемелердин тармагын кеңейтүүгө мамлекет тарабынан түрткү берүү, фермерлерге жана айылдык тургундарга финансылык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү жана аларга атаандаштыктын бирдей шарттарын түзүү;
Кыргыз Республикасынын үрөнчүлүк чарбалары, дыйкандары жана фермерлери тарабынан сатылган товардык үрөндөрдү даярдоо үчүн биринчи жана экинчи репродукциядагы күзгү жана жазгы буудайдын үрөнүн дотациялоо системасын киргизүү;
айыл чарба азыктарын өндүрүүчү жана тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр-жайынын ишканаларына узак мөөнөттүү жана жеңилдетилген шартта кредит берүүнүн механизмдерин киргизүү;
тамак-аш азыктарынын жана сырткы чөйрөнүн башка объекттеринин биологиялык баалуулугун жана коопсуздугун аныктоо үчүн жабдууларды сатып алуу жана биоагроветлабораторияларды куруу;
тамак-аш азыктарынын: жашылчалардын жана жемиштердин, эт жана эт азыктарынын, сүт жана сут товарларынын, бал жана башка тамак-аш азыктарынын адамдардын ден-соолугуна жана өмүрүнө коопсуздугу боюнча эл аралык стандарттарга жана санитардык нормалардын талаптарына ылайык келүүсүн сертификациялоонун жана аларга мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүктөрдү берүүнүн тартибин аныктоо, аларды республикадан тышкары экспорттоону көбөйтүү;
айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө техникалык кредит берген учурда кошумча күрөө мүлкүн бербей туруп лизингдин предметинин баасынын 30 %дан 10 %га чейин лизинг алуучунун жеке салымынын елчөмүн темөндөтүү;
күрөө мүлкүнүн наркын баалаган учурда финансылык-кредиттик мекемелер мүлктүн рыноктук баасынан 75 % кем эмес күрөөгө коюлган мүлктү баалоо мүмкүнчүлүгүн кароо;
- төмөндөгүлөр боюнча чараларды иштеп чыксын:
мамлекеттик резервдин запастарын камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн азык-түлүк товарларын сатып алуу;
айыл чарба жумуштарын уюштурууга финансылык каржылоону көбөйтүү;
айыл чарба өндүрүшүндөгү тобокелчиликтерге камсыздандыруу механизмин киргизүү;
- сапаттык жана сандык мониторинг жүргүзсүн жана анын базасында темөндөгүлөрдү камсыз кылсын:
мал чарбачылыгында - ар бир мал бирдигине алардын түрлөрүнө, жашына карата, аймакка таандыктыгы жана башка көрсөткүчтөрү боюнча автоматташтырылган, жекелештирилген эсеп түзүү;
өсүмдүк өстүрүүдө - өндүрүштүн көлемүн жогорулатуу үчүн шарт түзүү жана анын адистешүүсүнүн негизинде сатуу;
-төмөндөгүлөр каралган Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына тиешелүү сунуштарды киргизсин:
айыл чарба өндүрүшүнүн субъекттери катары агротехникалык сервис ишканаларын кошумча нарк салыгынан бошотуу;
Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлүп, кайра иштетилген экспорттолуучу айыл чарба продукциясын сатуудан алынган салыктан бошотуу;
айыл чарба азыктарын өндүрүүчүлөргө жана аны кайра иштетүүчүлөргө, алардын менчигинин түрүно карабастан, мамлекеттик социалдык камсыздандырууга чегерүүлөрдүн көлөмдөрүн азайтуу;
- дыйканчылык-фермердик чарбалардын жана каза болгон адамдардын негизги карыздар, чегерилген пайыздар, туумдар, финансылык, айыптык жана салыктык санкциялар боюнча үмүтсүз карыздарын эсептен чыгаруу жөнүндө токтомдун долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине макулдашууга киргизсин;
- жаныбарларды идентификациялоонун жана камсыздандыруунун механизмин киргизүү боюнча, ошондой эле мал чарбачылыгы тармагы үчүн кадрларды даярдоо боюнча каражаттарды карасын;
- дүйнөлүк азык-түлүк рыногунун талаптарына жооп берген жана аймактардын географиялык, климаттык өзгөчөлүктөрүнө ылайыкташтырылган рентабелдүү айыл чарба продуктыларын өстүрүүнүн, кайра иштетүүнүн жана андан ары сатуунун кластердик усулдарын адистештирүүнү кеңейтсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетине (С.К. Нышанов) жана Бюджет жана финансы боюнча комитетине (К.С. Дыйканбаев) жүктөлсүн.
4. Ушул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрагасынын орун басары | Т. Зулпукаров |