Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 12-декабры № 3689-V
"Кыргыз Республикасынын 2014-жылга республикалык бюджети жана 2015-2016-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2013-жылдын 29-августундагы № 475 токтому) 538,0 млн. сом суммасында кирешенин табылган кошумча резервдерин жана мамлекеттик финансы статикасынын эл аралык методикасына ылайык МИПти кайра кредиттөөнүн көлөмүнүн жалпы суммасынын эсебин жана кредиттик каражаттарды эске алуу менен, "Кыргыз Республикасынын 2014-жылга республикалык бюджети жана 2015-2016-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору 2014-жылга республикалык бюджеттин төмөнкүдөй негизги параметрлери менен биринчи окууда кабыл алынсын:
ИДПга карата 23,3 пайыз салыштырма салмагы менен 93 456 123,7 миң сом жалпы суммасында республикалык бюджеттин кирешелери;
ИДПга карата 25,7 пайыз салыштырма салмагы менен 102 899 212,7 миң сом жалпы суммасында республикалык бюджеттин чыгашалары;
ИДПга карата 2,4 пайыз салыштырма салмагы менен 9 443 089,0 миң, сом суммасында Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин дефицитинин чектик өлчөмү жана анын ордун жабууга тышкы жана ички булактардын каражаттары жөнөтүлсүн;
"Кыргыз Республикасынын 2014-жылга республикалык бюджети жана 2015-2016-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунун жоболоруна ылайык жалпы мамлекеттик салыктарга пландуу түшүүлөрдөн 2014-жылга республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин ортосундагы кирешелерди бөлүштүрүүнүн нормативдери;
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана мамлекеттик эмес карыздары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ички карыздарынын жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тышкы карыздарынын жогорку чеги;
Республикалык бюджеттин кирешелеринин жалпы суммасына 0,16 пайыз өлчөмүндө 2014-жылга жана 2015-2016-жылдардагы божомолго Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фонддорунун республикалык бюджеттеги нормативдик көлөмү.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
мамлекеттик инвестициялардын программаларынын алкагында берилген каражаттардын эсебинен кайра кредиттөөнү кошкондо республикалык бюджеттин дефицитин каржылоодо кирешелердин жана ресурстардын толук өлчөмдо эсебин камсыз кылсын;
кайра кредиттөө каражаттарын толук эсепке алууну камсыз кылуу жана анын кайтарымдуулугуна мониторинг жүргүзүү максатында бардак карыз боюнча милдеттенмелерди инвентаризациялоону жүргүзсүн;
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фондуна алардын кайтарымдуулугун камсыз кылуу боюнча андан ары мониторинг жүргүзүү үчүн чарбакер субъектилердин кайра кредиттөөдөгү тышкы зайымдар боюнча карыздык милдеттенмелерин тескөөнү өткөрүп берсин;
"1992-жылдан 2000-жылга чейинки мезгилде берилген бюджеттик ссудалар жана чет элдик кредиттер боюнча карыздарды кайтарууну камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-апрелиндеги № 219 токтомун аткарууну тездетсин;
1992-жылдан 2012-жылга чейинки мезгилде берилген ссудалар боюнча чарбакер субъектилердин жана мамлекеттик башкаруу органдарынын мөөнөтү өткөн карыздарын эсептен чыгаруу же пролонгация жөнүндө маселени карасын жана анын негиздемеси менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин;
Бюджеттик параметрлерди, атап айтканда МИПти кайра кредиттөөнүн жана кредиттик каражаттардын көлөмүнүн жалпы суммасынын эл аралык стандарттарын эске алуунун методикасы боюнча республикалык бюджеттин дефицитинин өлчөмүн белгилөөнү караган жобону бюджеттик жөнгө салуу маселеси боюнча мыйзамдарга өзгөртүү киргизсин.
3. Мыйзам чыгаруу демилгесинин субъекттери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетине жана бир эле убакта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын эксперттик кызматына экинчи окууга жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбооруна карата өз сунуштарын жана түзөтүүлөрүн алардын негиздемеси менен жазуу жүзүндө 5 жумушчу күндүн ичинде жөнөтсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитета жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбооруна келип түшкөн жазуу жүзүндөгү жана стенограммага ылайык жыйналышта айтылган сунуштарды эске алуу менен жеткире иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Төрага | А. Жээнбеков |