Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 12-декабры № 3686-V
"Кыргыз Республикасынын 2013-жылга республикалык бюджети жана 2014-2015-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2013-жылдын 6-ноябрындагы № 592 токтому) 2013-жылга республикалык бюджеттин төмөнкүдөй негизги параметрлери менен "Кыргыз Республикасынын 2013-жылга республикалык бюджети жана 2014-2015-жылдарга болжолу жөнүндө". Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын:
ИДГТга карата 25,7 пайыз салыштырма салмагы менен 90 309 257,7 миң сом жалпы суммасында республикалык бюджеттин кирешелери (3950218,8 миң сом суммасында өнүктүрүү бюджетинин алкактарындагы гранттык каражаттарды кошуп алганда);
ИДПга карата 27,5 пайыз салыштырма салмагы менен 96 679 739,2 миң сом жалпы суммасында республикалык бюджеттин чыгашалары;
ИДПга карата 1,8 пайыз салыштырма салмагы менен 6 370 481,5 миң сом суммасында Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин дефицитинин чектик өлчөмү жана анын ордун жабууга 17 967 925,7 миң сом суммасында тышкы булактар жөнөтүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү темөнкүлөрдү толук каржылоону камсыз кылсын:
-республиканын дотациялык айыл өкмөттөрүнүн теңдештирүүчу гранттарын;
-"капиталдык салым" беренеси боюнча жана Түрк Республикасынын кредитинин эсебинен каржыланган объектилерди;
-2013-жылы жер титирөөнүн кесепетинен Ысык-Көл областынын жабыр тарткандарынын ордун толтурууга каралган төлөмдөрдү.
Төрага | А. Жээнбеков |