Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013 жылдын 26 декабры № 3740-V
"Адам укуктарынын жалпыга таанылган декларациясынын 65 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
Т О К Т ОМ К Ы Л А Т:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Ш. Жээнбеков, Ч.А. Турсунбеков, Г.А. Скрипкина, Ө.Ч. Текебаев, Ф.Ш. Кулов, М.Ю. Абдылдаев жана О.Л. Домшенко тарабынан демилгеленген "Адам укуктарынын жалпыга таанылган декларациясынын 65 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.
2. "Адам укуктарынын жалпыга таанылган декларациясынын 65 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 18-декабрындагы № 3704 токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1) токтомдун аталышындагы "Адам" деген сөздөн мурда "Үчүнчү окууда кабыл алынган" деген сөздөр менен жана "Мыйзамын" деген сөздөн кийин "Мыйзамынын долбоорун" деген сөздөр менен толукталсын;
2) "Мыйзамы" деген сөздөн кийин "үчүнчү окууда" деген сөздөр менен толукталсын;
3) токтом төмөндөгүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын: "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Адам укуктары,конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитети (Э.Ж. Алымбеков) жогоруда аталган Мыйзамдын долбоорун төртүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин."
Төрага | А.Жээнбеков |