Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 20-декабры № 2639-V
Кыргыз Республикасынын аймагында болгон спорттук объекттер менен курулмалардын абалын жана багытын иликтөө боюнча убактылуу комиссия түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын аймагында болгон спорттук объекттер менен курулмалардын абалын жана багытын иликтөө боюнча убактылуу комиссия (мындан ары - Комиссия) төмөнкү курамда түзүлсүн:
Ч.А.Султанбекова - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты ("Республика" депутаттык фракциясы);
Б.С.Кадыров - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (КСДП депутаттык фракциясы);
И.К.Гусаров - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты ("Ар-Намыс" депутаттык фракциясы);
Н.В.Никитенко - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты ("Ата Мекен" депутаттык фракциясы);
Н.О.Кутманов - Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары;
Б.Б.Кенжебаев - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору;
К.Ж.Нарбаев - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүгүү боюнча мамлекеттик агенттигинин директору;
Э.Т.Сапарбаев - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы;
А.Ш.Осмоналиев - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасы.
2. Комиссия Кыргыз Республикасынын аймагында болгон спорттук объекттер менен курулмалардын абалын жана багытын талдоо жүргүзсүн.
3. Зарыл болгондо Комиссия Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик агенттиктеринин, администрациялык ведомстволорунун жана мамлекеттик бийликтин башка органдарынын адистерин ишке тартууга укуктуу экендиги белгиленсин.
4. Комиссия жасалган иштер жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине үч айлык мөөнөттө маалымдасын.
Төрага | А.Жээнбеков |