Редакцияот 18.12.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2013-жылдын 18-декабры № 3711-V

"Республикалык бюджеттен каржылануучу окуучулардын жана студенттердин контингентинин болушу бөлүгүндөгү орто кесиптик билим берүү жана башталгыч кесиптик билим берүү жаатындагы иштин абалын иликтөө үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин убактылуу комиссиясын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 6-ноябрындагы № 3560-V токтому менен түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиянын иштөө мөөнөтүн узартуу тууралуу

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

Т О К Т О М К Ы Л А Т:

"Республикалык бюджеттен каржылануучу окуучулардын жана студенттердин контингентинин болушу бөлүгүндөгү орто кесиптик билим берүү жана башталгыч кесиптик билим берүү жаатындагы иштин абалын иликтөө үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин убактылуу комиссиясын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 6-ноябрындагы № 3560-V токтому менен түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиянын иштөө мөөнөтү 2014-жылдын 10-февралына чейин узартылсын.

 

Төрага

А.Жээнбеков