Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 19-сентябры № 2283-V
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты С.Н.Жанаровду депутаттык кол тийбестигинен ажыратуу менен жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору А.Ж.Салянованын сунуштамасын кароо үчүн атайын депутаттык комиссия түзүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 140-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Садыр Нургожоевич Жапаровду депутаттык кол тийбестигинен ажыратуу менен жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору А.Ж.Салянованын сунуштамасын кароо үчүн атайын депутаттык комиссия Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төмөнкү депутаттарынын курамында түзүлсүн:
Ж.А.Джолдошова - "Ата-Журт" депутаттык фракциясынан;
И.М.Мурашев - "Республика" депутаттык фракциясынан;
С.К.Нышанов - "Ата Мекен" депутаттык фракциясынан;
Д.Д.Бекешев - "Ар-Намыс" - депутаттык фракциясынан;
А.О.Кутушев - КСДП депутаттык фракциясынан.
Төрагасынын орун басары | Т.Зулпукаров |