Загрузка документа…
ЖОГОРКУ КЕНЕШ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ
2013-жылдын 12 декабры № 3687-V
"Кыргыз Республикасынын 2013-жылга республикалык бюджети
жана 2014-2015-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына
өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын
долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2013-жылдын 6-ноябрындагы № 592 токтому) "Кыргыз Республикасынын 2013-жылга республикалык бюджети жана 2014-2015-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
-Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитети тарабынан кабыл алынган чечимге ылайык бардык мамлекеттик органдарды. өзгөчө корголгон беренелер боюнча. каржылоону камсыз кылсын;
-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 226 токтому менен бекитилген, ата-мекендик чийки айыл чарба заттарын кайра иштеткен тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайынын ишканалары. алар 6 жылдык мөөнөткө кошумча нарк салыгынан бошотулат, жүзөгө ашырган экономикалык иштеринин (товарлардын акциздик топторун өндүрүудөн тышкары) түрлөрүнүн тизмегиндеги 28 (ГКЭД коду 11.07.0), 14 (ПОД коду 10.52.0) 25 (ГКЭД коду 10.89.9) жана 31 (ГКЭД коду 13.93.0) пункттарынын позицияларын Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 239-беренесинин 5-бөлүгү менен ылайык келтирсин;
-"Кыргыз Республикасынын 2013-жылга республикалык бюджети жана 2014-2015-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен бекитилген, 2013-жылдын бюджетинин параметрлеринин аткарылбай калышына жол берген кызмат адамдарын аныктасын жана алардын жоопкерчилигин карасын;
-Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине Мыйзамдын долбоорун өз учурунда бербегендигине байланыштуу "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүнде" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 42-беренесинин 5-бөлүгүнүн талаптарынын аткарылбай калышына жол беришкен кызмат адамдарын тартиптик жоопкерчиликке тартсын.
3. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 226 токтому менен бекитилген, ата-мекендик чийки айыл чарба заттарын кайра иштеткен тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайынын ишканалары, алар 6 жылдык мөөнөткө кошумча нарк салыгынан бошотулат, жүзөгө ашырган экономикалык иштеринин (товарлардын акциздик топторун өндүрүүдөн тышкары) түрлөрүнүн тизмегине "минерал сууларын жана бөтөлкөлөрдөгү башка сууларды өндүрүүнү" экономикалык иштин түрүнө негизсиз түрдө киргизүү фактысына жол беришкен кызмат адамдарынын иш-аракеттерине укуктук баа берсин.
Төрага | А. Жээнбеков |