Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 25-мартындагы № 266-V токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2010-жылдын 11-февралы № 1670-IV

"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына

толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө"

("Кыргыз Республикасынын микрофинансы уюмдары

жөнүндө" жана "Чет өлкөлүк валютадагы операциялар

жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) Кыргыз

Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу тууралуу

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары М.К.Кунакунов, Ч.Т.Баекова, И.А.Масалиев жана А.А.Турсунбаев тарабынан демилге көтөрүлгөн "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" ("Кыргыз Республикасынын микрофинансы уюмдары жөнүндө" жана "Чет өлкөлүк валютадагы операциялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.

 

Төраганын орун басары

Ч. Баекова