Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 22-майы № 3099-V
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 75 жылдыгына арналган мааракелик иш чараларды уюштуруу жана өткөрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 75 жылдыгына арналган салтанаттуу иш чараларга даярдык көрүүнү жана өткөрүүнү уюштуруу максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 75 жылдыгына арналган мааракелик иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү боюнча Уюштуруу комитети төмөндөгүдөй курамда бекитилсин:
А.Ш.Жээнбеков | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы, Уюштуруу комитетинин төрагасы; |
К.К.Иманалиев | - | Эл аралык иштер боюнча комитеттин төрагасы, Уюшту- руу комитетинин төрагасынын орун басары; |
М.Ю.Абдылдаев | - | "Ата-Журт" фракциясынын лидери; |
Ч.А.Турсунбеков | - | "КСДП" фракциясынын лидери; |
Ф.Ш.Кулов | - | "Ар-Намыс" фракциясынын лидери; |
А.Т.Сулайманов | - | "Республика" фракциясынын лидери; |
Ө.Ч.Текебаев | - | "Ата Мекен" фракциясынын лидери; |
К.С.Самаков | - | Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин төрагасы; |
А.К.Келдибеков | - | Бюджет жана финансы боюнча комитеттин төрагасы; |
А.Т.Алтыбева | - | Жогорку Кеңештин Регламенти жана депутаттык этика боюнча комитетинин төрагасы; |
Р.Б.Ешмамбетов | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппара- тынын жетекчиси; |
А.А.Кожомкулов | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Иш баш- каруучусу; |
Т.К.Коеналиев | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкаруу- чусу; |
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Финансы министри (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Маданият жана туризм министри (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Бишкек шаарынын мэри (макулдашуу боюнча).
2. Уюштуруу комитети мааракелик иш чараларды уюштуруу жана өткөрүү планын жана программасын иштеп чыксын, ошондой эле чыгымдар сметасын түзсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер боюнча комитетине (К.К.Иманалиев) жүктөлсүн.
Төраганын орун басары |
| Б.Мамырова |